KELECHEK
rek

Атамбаев: өлкөдө эми кол тийгистер жок

Атамбаев: өлкөдө эми кол тийгистер жок

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 27-февралда апрель окуясында жабыркагандар жана жарандык активисттер менен жолугушкан учурда билдирди.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлагандай, жабыркагандардын сунушу менен болгон жолугушууда алар мародерчулукка айыпталган айрым саясатчылар жазадан качуу аракетин көрүүдө деген нааразылык билдиришкен. Атамбаев Кыргызстанда кол тийбестик деген түшүнүк жок деген жооп кайтарды:

- Эч кандай бийликке басым көрсөтүү аларга жардам бербейт. Өлкөдө эми кол тийгистер жок. Бул бардык бийлик бутактарынын азыр иштеп жаткан жетекчилерине да, мурда иштегендерине да тийиштүү. Ал эми өлкөбүздүн келечеги үчүн курман болгондордун эрдиги аркасында 7-апрелден кийин өлкө жетекчилигине келгендердин эл алдындагы жоопкерчилиги эки эсе жогору!

Өмүрбек Текебаев 26-февралга караган түнү "Манас" аэропортунан Стамбулдан Бишкекке келген маалда кармалган. Башкы прокуратура ага "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМКга өткөрүп берген. Буга депутаттын партиялаштары, тарапкерлери нааразы болуп аны бошотууну талап кылып жатышат.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13