ЖК депутаты Текебаевдин кармалганы ырасталды
Өмүрбек Текебаевдин аэропорттон кармалып УКМКга алынып кеткени ырасталды. Мындан сырткары азыркы сааттарда депутат Каныбек Иманалиев менен "Манастан" түз эфир уюштуруп жаткан "Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевди милициялар кармап кетишкени маалым болду.
Учурда чогулган эл УКМК тарапты көздөй кетишүүдө.
Эскерте кетсек, кечээ, 25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин 303 (коррупция) жана 166 (алдамчылык) беренелери боюнча кылмыш иши козгогону тууралуу маалымат тараткан.
Башкы прокуратура депутат Текебаевге карата "коррупция жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун ырастады
Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге буга чейин айрым маалымат каражаттары жазгандай кечээ эмес, бүгүн 25-февралда кылмыш иши козголгону тууралуу расмий маалымат таратты. Андагы маалыматка ылайык, Ө.Текебаевге иш Кылмыш-жаза кодексинин 303 (коррупция) жана 166 (алдамчылык) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Буга УКМКдан келген материалдар негиз болгон, ал эми УКМКга Россиядагы бир катар телекоммуникация компаниясын жетектеген Леонид Маевский кайрылган.
Л.Маевский арызында 2010-жылы Текебаев Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары болуп турганда Л.Маевскийди “Альфателекомдун” башкармалыгына киргизүү милдеттенмеси менен андан 1 млн доллар алгандыгы, ал акчага ылайык, алгач Л.Маевский «Альфа Телеком» ЖАКтын башкармалыгына кирээри, "Мегаком" сатылгандан кийин 10-15% кирешеге ээ болмоктугун көрсөткөн. Бирок,Өмүрбек Текебаев айткан убадасына турбагандыгы жана "Мегаком" сатылбай калгандан кийин да Маевскийдин 1 млн долларын кайтарып бербегендигин, аны менен катар бул тууралуу маалыматты коомчулукка жарыяласа, күч менен жок кылаарын көрсөткөн.
"Мына ушул арыздын негизинде Л.Маевский бул тууралуу буга чейин бир нече ирет ачык айтып келген ЖКнын экс-депутаты, «Ата-Мекен» партиясынын мурунку мүчөсү Өмүрбек Абдрахмановдын жана «Пенвел» компаниясынын өкүлү Раушан Рыкунованын сөзүн дээрлик толугу менен далилдеди" деп жазылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.
Тергөө иштери башталган бул кылмыш иши УКМКга жүктөлгөнү кошумчаланат.
“INTER.KG”
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









