KELECHEK
rek

Бакыт Зулуев: «Жалал-Абад Тазалык» ишканасы күйүүчү майды мыйзамсыз жок кылып жатат

Бакыт Зулуев: «Жалал-Абад Тазалык» ишканасы күйүүчү майды мыйзамсыз жок кылып жатат

“Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын жетекчилилери таштандыларды ташыган унаалардын каттамдарын 2 эсе көп жазуу менен күйүүчү майды мыйзамсыз жок кылып жатышкандыгы боюнча бүгүн, 24-февраль күнү аталган ишкананын “Курук сай” участкасындагы таштанды таштоочу жайдын кароолчусу Бакыт Зулуев маалымат жыйында журналисттерге айтып берди.

Анын айтымына караганда, “Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын жетекчиси Төлөн Бакиров тарабынан 6 айдан бери кысым болуп, таштанды ташыган автоунаалардын каттамдарын каттоо журналын алуу аракети жүрүп жатат. Бакыт Зулуев бул каттоо китебине 2014-жылдан бери ар бир таштады ташыган унаалардын канча каттам жасагандыгын жазып келе жаткан.

- Мен “Жалал-Абад Тазалык” ишканасында 2010-жылдан бери иштеп келе жатам. Ишкананын жетекчиси Төлөн Бакиров  өзүнүн жердештерин алып келип, коллективдин жарымынан көбү Кызыл-Үңкүрдөн болуп калды.  Жарым жылдан бери мени иштен кетире албай убара болуп келе жатат. Себеби, менин каттоо китебимде таштанды ташыган автоунаалардын каттамы күнүнө 30 болсо, Т.Бакировдун журналында “күнүнө 65 каттам (рейс) болду” деп жазылып, ошого айдоочуларга кол койдуруп алат экен. Эсептеп көрсөк, ашыкча жазылган автоунааларга кеткен күйүүчү май коррупциялык жол менен кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп жатат. Ошол себептен, мендеги каттоо журналын алууга аракет жасап, анан таппай коюшкандан кийин, мени иштен кет дей баштады. Мен ага “кой Төлөн жакшылыкча эле иштейли” десем, кайра “каалаган жериңизге барыңыз, бардыгын жаап салам!” – деп айтты. Акыры мен да чыдабай, бул коррупцияны токтото турган бирөө барбы өзү?- деген максатта силерге кайрылып жатам. Бул маселе боюнча Президентке чейин арыз менен кайрылам деп Төлөндүн өзүнө да айттым, - дейт Бакыт Зулуев.

Үстүбүздөгү жылдын 31-январында Б.Зулуев КР өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча  башкармалыгынын башчысы А.Ш.Осмоновго аталган маселе боюнча арыз менен кайрылган. Ал арызда “Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын жетекчилери чогуу биргеликте коррупциялык жол менен күйүүчү майларды жок кылуу фактысы жазылган.

- “Жалал-Абад Тазалык” ишканасында 14 таштанды ташуучу унаа, 2 сүргүч бульдозер,, 2 жүктөөчү трактор бар. Ар бир таштанды ташуучу унаа бир күндө 2-3 жолу таштанды ташыйт. Бирок, ишкананын жетекчилери айдын аягында “ар бир таштанды ташыган унаалар бир күндө 5 рейс таштанды ташыды. Ар бир таштанды ташыган унаанын ар бир рейсине 15 литрден күйүүчү май сарпталды” - деген отчет жабышат. Менде атайын расмий түрдө катталган (тигилген, номерлеген жана бекитилген) каттоо журналы бар. Ошол журналга бир күндө кайсыл таштанды ташуучу унаа канча рейс жасаганы катталат. Мендеги журналга бир күндө бир таштанды ташуучу автоунаа 2-3 рейс гана ташыйт. Андан сырткары, свалкадагы Т-130 үлгүсүндөгү сүргүч бульдозерге бир жумасына 200 литр гана күйүүчү май берилет. Бирок жетекчилер бир күнүнө 120 литрден сарпталды деп отчет жабышат. Жогорудагы коррупциялык иштерин жабуу үчүн жетекчилер автоунаанын айдоочуларына күйүүчү майдын ашыкча сарпталышы боюнча кол койдурушат.

Мен ушул коррупциялык иштерин билгендигим үчүн, жетекчилик жактан кысымга кабылып, каттоо журналын токтотуу үчүн мага жарым жы мурун “жазбагын” деп оозеки буйруган. Андан сырткары, каттоо журналымды алып жок кылуу максатында “журналды алып кел” деп буйрук кылган. Бирок, мен бүгүнкү күнгө чейин каттоо жүргүзүп, журналды жетекчиликке бербей жүрөм. Журналды алыш үчүн кароол кананын эшигин да бузуп киришкен. Бирок, ал жерде болбогондуктан, таппай калышкан. Жогоруда айтылган фактылардын негизинде “Жалал-Абад Тазалык” ишканасын текшерип, мыйзам чегине чара көрүп берүүсүн суранып облустук финполицияга арыз менен кайрылгамын. Азыркы учурда облустук прокуратура окуп чыгып, кайра бул ишти КР өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча  башкармалыгына бериптир. Тергөө кандай жыйынтык чыгарат, аны биле албайм?, - деди Б.Зулуев.

Зулуевдин жетекчиликтин уруксаты жок органдарга кайрылгандыгы үчүн, аталган ишкана эки күн мурун эскертүү беришкен. Ошондой эле 24 саат боюу эч жакка чыкпай, таштанды ташатаган жайда кароолчулук ишин аркалашы керектигин эскертишкен. Бирок, Зулуев экотехинспекцияга кайрылып, алар текшергенден кийин 8 саат гана иштөөгө укуктуу экендигин түшүндүрүп кетишкен.

Бул маселе боюнча “Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын жетекчилеринин  өзүнчө пикири болсо, аны да жарыялоого даяр экендигибизди билдиребиз.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13