
Назарбаев казак илимпоздорунун ишине канааттанбай турганын билдирди

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев казак окумуштууларынын илимий эмгектерине суроо-талап аз экенин жана көчүрмө иштер бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал Казакстан Илимдер академиясынын 70 жылдык мааракесине арналган жыйын учурунда билдирди.
Назарбаев Билим берүү жана илим министрлигине, Илимдер академиясына жана жогорку окуу жайларга илимий эмгектерди эл аралык рейтинг базасына киргизүүнү тапшырды.
Анын айтымында, илимий эмгектердин жарымынан кем эмеси англис тилинде жарыяланышы керек жана дүйнөлүк маалымат базасына тиркелиши шарт.
Жыйынга Орусия, Беларус, Грузия, Украина, Молдова, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн илимий академияларынын жетекчилери катышты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30