KELECHEK
rek

Кыргыз-өзбек мамилеси футболго таасирин тийгиздиби?

Кыргыз-өзбек мамилеси футболго таасирин тийгиздиби?

Өзбекстан менен Кыргызтандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын 2-июнга белгиленген жолдоштук беттеши эмне себептен болбой калганын коңшулар ачыктаган жок. Мелдеш Ташкент шаарындагы “Бунёдкор” стадионунда өтмөк.

Эки кураманын беттешери тууралуу маалымат 13-майда белгилүү болгон. Андан бир жума өтпөй өзбек тараптын демилгеси менен оюн болбой калды.

- Кыргызстандын футбол федерациясына Өзбекстандын футбол федерациясынан 2-июнга белгиленген жолдоштук беттешти өткөрүүдөн баш тарткандыгы тууралуу расмий кат келди. Ошол себептен улам биздин улуттук курама команданын 23-майда баштала турган окуу-машыгуусу 28-майга жылдырылды. Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Дастанбек Конокбаевдин расмий билдирүүсүндө атаандаш табууга өтө аз убакыт калгандыктан июнь айында эч кандай беттеш болбойт. Демек, команда оюнчулары планга ылайык машыгуусун гана өткөрүшөт. Кийинки жолдоштук беттешүү август айына белгиленген, - деди Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталья Угрюмова.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, коңшулар 2-июнда өз талаасында Гвинея менен беттешет.

Өзбекстандын футбол федерациясынын Кыргызстан менен жолдоштук беттеш өткөрүүдөн баш тартуусуна саясий себептер да түрткү болушу мүмкүндүгүн айрым адистер айтышууда. Ушул жылдын март айында эки өлкө ортосунда чек арага байланыштуу талаш маселелер орун алган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20