Өзбекстанда айдоочу милиция имаратынын алдында өзүн өрттөдү
Өзбекстандын Хорезм облусунун Хивин аймагынын жашоочусу Хурсанд Бабажанов 20-февралда райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын алдында өзүнө өрт койгон. Ал жол эрежесин бузду деген жүйө менен автоунаасын тартып алган Мамлекеттик жол коопсуздук кыймылынын кызматкерлеринин аракетине каршылык көрсөткөн. Хурсанд Бабажанов оор ахыбалда ооруканага жаткырылды.
Бабажановдун туугандары маалымдагандай, окуядан эки күн мурун жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер анын машинасын камакка алып, унаа токтотуучу жайга жеткиришкен. Айдоочу эреже бузбаганын айтып, адилеттүүлүк издеп райондук ички иштер бөлүмүнө бензин куюлган бөтөлкө көтөрө келген. Сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпаган соң ал өзүнө жана машинасын алып кеткен милиция кызматкерине бензин чачкан. Ширенке чаккан учурда жол сакчысы качып кетүүгө үлгүргөн, айдоочу болсо күйүк алган.
Хорезм облусунун ички иштер башкармалыгы окуяны тастыктап, бирок милиция кызматкерине өрт коюу болгонун четке какты. Башкармалыктан кабарлашкандай, Хурсанд Бабажанов мас абалында автоунаа башкарып бара жаткан маалда кармалып, айыпка жыгылган.
Дарыгерлердин айтымында, Хурсанд Бабажановдун абалы орто, дегенсинин 65-70 пайызы күйүккө чалдыккан. Өзүнө кол салгандыгы үчүн ага кылмыш иши козголду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56