Шойгу Орусияда «маалыматтык операциялар бөлүмү» түзүлгөнүн расмий ырастады
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 18-февралда Мамлекеттик Думада сүйлөп жатып өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө маалыматтык операциялар бөлүмү түзүлгөнүн расмий ырастады.
"Пропаганда мыкты жана натыйжалуу болушу керек. Ошондуктан совет доорунда контрпропаганда деп аталган бөлүмдөн кыйла натыйжалуу жана күчтүүрөөк болгон маалыматтык операциялар бөлүмү түзүлдү", — деди Шойгу Орусиянын кызыкчылыгында контрпропаганда менен алектене турган башкармалык түзүү зарылдыгы боюнча берилген суроого.
РБК басылмасы Мамдумадагы булагына шилтеме кылып билдиргендей, ал хакердик чабуулдарга жооп кайтаруу менен алектене турган Коргоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болот. Ошондой эле ал өлкөнүн ичинде да, сыртында да, интернетте жана ММКларда да контрпропаганда менен алектенет.
Орусия мамлекеттик телеканалдары саясий максаттарды көздөп жалган маалыматтарды таратып, пропаганда менен алектенип жаткандыгы үчүн айыпталып келет. Алардын жасалма маалыматтарын иликтөө иштери Германияда, Францияда жана АКШда жүргүзүлүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









