
Кочкор-Ата шаарында улуттук белбоо “Алыш” күрөшү боюнча губернатордун кубогуна арналган мелдеш өттү (ФОТО)

Кечээ, 23-февралда Ата Мекенди коргоочулар күнү майрамына карата Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында улуттук белбоо “Алыш” күрөшү боюнча губернатордун кубогуна арналган ири республикалык мелдеш болуп өттү. Бул мелдеш 11 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр арасында уюштурулуп өткөрүлдү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы.
Губернатордун кубогуна арналган бул ири мелдешке Талас облусунан башка республиканын бардык аймактарынан 687 улуттук белбоо “Алыш” күрөшү менен машыгышкан жаш спортсмендер менен өспүрүмдөр катышты. Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ААКнын “Нефтчи” спорт комплексинде өткөрүлгөн улуттук белбоо “Алыш” күрөшү боюнча губернатордун кубогуна арналган мелдешке КР Өкмөтүнүн алдындагы спорт агентствосунун өкүлдөрү Руслан Табалдиев жана Курманбек Хабибуллаев катышты. Балдар жана өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан республикалык мелдештин башкы калысы, алыш күрөшү боюнча Дүйнөнүн жана Азия оюндарынын бир нече жолку чемпиону Чыңгыз Аканов болду.
Жалпысынан 8 салмак боюнча балдар жана өспүрүмдөр арасында улуттук белбоо “Алыш” күрөшү боюнча губерантордун кубогуна арналган республикалык мелдешке КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев жана Кочкор-Ата шаарынын мэри Алтынбек Жумаев катышты.
- 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар Күнүнө карата Кочкор-Ата шаарында өткөрүлүп жаткан улуттук белбоо “Алыш”күрөшү боюнча губернатордун кубогуна арналган мелдешке Талас облусунан башка республиканын бардык аймактарынан 687 спортсмен балдар жана өспүрүмдөр катышып жатат. Мелдеште 8 салмак боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, алардын жеңүүчүлөрү болушкан 1, 2 жана 3чү орундарды ээлеген спортсмендерге Дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылат,- деди Улуттук белбоо “Алыш” федерациясынын машыктыруучусу, Эл аралык даражадагы калыс Жаныш Ташматов.
Улуттук белбоо “Алыш” күрөшү боюнча губернатордун кубогуна арналган балдар жана өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп жаткан республикалык деңгээлдеги мелдешке Баткен, Ош облустарынан, Ноокат, Араван, Өзгөн, Кара-Суу райондорунан жана Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан, Ош шаарынан, Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келишкен ондогон балдар жана өспүрүмдөр командалары мыкты даярдыктар менен келишкендигин мелдештин жүрүшүндө таасын айгинелеп жатышты.
Спорттун улуттук белбоо “Алыш” күрөшү боюнча балдар жана өспүрүмдөр арасында губернатордун кубогуна арналган республикалык мелдеште Жалал-Абад шаарындагы Исхак Разаков атындагы олимпиадалык резервдер мектебинин жана Ош шаарынын спорт мектебинин, Аксы, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунан келишкен балдар жана өспүрүмдөр командаларынын мүчөлөрү байгелүү орундарды камсыз кылышып, мелдештин Дипломдору жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.
- Улуттук белбоо “Алыш” күрөшү боюнча губернатордун кубогуна арналган кезектеги чоңдор арасындагы республикалык деңгээлдеги кийинки мелдеш Аксы районунун Кербен шаарында өткөрүлөт. Мелдешти уюштуруп өткөрүүнүн башкы максаты-улуттук белбоо “Алыш” күрөшүнүн Эл аралык кадыр-баркын жана маани-маңызын арттыруу, улуттук күрөштүн бул түрүнө болгон кызыгууну арттыруу болуп саналат,- деди Улуттук белбоо “Алыш” федерациясынын башкы машыктыруучусу, Эл аралык даражадагы калыс Жаныш Ташматов.
Кочкор-Ата шаарынын жүздөгөн атуулдары “Кыргызнефтегаз” ААКсынын “Нефтчи” спорт комплексинде өткөрүлгөн улуттук белбоо “Алыш” күрөшүнүн күбөлөрү катары кызуу күч сынашуу таймашуунун кырдаалында өткөрүлгөн мелдештин күйөрмандары катары спортсмендердин ачык күч сынашууларынын айкын колдоочулары жана мыкты таймаштардын күбөлөру болушту. Чыныгы балбандар гана мелдештин татыктуу байге ээлери болуп калышты.
Жолдошбай Осмонов, журналист
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20