KELECHEK
rek

Астана кыргыз дипломатына нааразылык нотасын тапшырды

Астана кыргыз дипломатына нааразылык нотасын тапшырды

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаев Кыргызстандын убактылуу дипломатиялык өкүлү Кайнарбек Токтомушевге дипломатиялык нааразылык нотасын тапшырды. Анда казак ТИМи Алмазбек Атамбаевдин Ewronews каналында сүйлөгөн сөзү менен макул эместиги жазылган.

Нааразылык нотада буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө расмий Бишкек «блокада жана адамдардын өлүмү» маселесин таптакыр көтөрбөгөнү жазылган.

Буга чейин кыргыз бийлиги 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу жаралган кризистик абалды жөнгө салууда Казакстандын ролун бир канча жолу белгилеген.

21-февралда өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитовду кабыл алып, Атамбаевдин Европадагы сөздөрү боюнча түшүндүрмө берген. ТИМдин маалыматына караганда, Кемелова анда 2010-жылы Казакстан чек араны жапкан учурда жарандар кыйынчылыкка тушукканын, айласыздан Чу каналын кечип өтүүгө аракет кылган кишилердин колундагы ымыркайы каза болгонун билдирген. Кыргызстандын жарандары баланы Казакстанга дарыгерге көрсөтүү үчүн алып баратканын, бирок чек ара жабык экенине байланыштуу суу кечип өтүүгө аргасыз болушканын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев «Евроньюска» берген маегинде өлкө ЕАЭБге блокада коркунучу тооруп турган маалда киргенин айткан. "2010-жылы Казакстан бир жарым ай бизге блокада кылганда адам курмандыктары да болгон. Блокада абдан жаман нерсе. Эгер бизге альтернативалар сунушталбаса, биз кайсы жакка кошулубуз керек? Ооганстангабы? Биз Евробиримдикке бүгүн эле кошулууга даярбыз. Мен муну да сунуштагам. Бирок алар биздин чектеш чек арабыз жок деп ачык айтышты",- деген президент.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12