
ЖАЛАЛ-АБАДДА АНГЛИС ТИЛИ ЖУМАЛЫГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарынын бардык мектептеринде 8-февралынан 20-февралына чейин англис тилин окуучулар арасында кеңири жайылтуу максатында атайын жумалык өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнөн Саадат Турганбаева билдирди.
Анын айтымында, жумалык окуучулар арасында уюштурулган ар кандай кызыктуу иш-чаралар менен коштолуп, англис тилине болгон жандуу кызыгууну арттырды.
- Шаардагы №4 мектеп-гимназиясында англис тили жумалыгы ичинде 1-11-класстар боюнча 12 ачык сабактар өткөрүлдү. Мектеп ичинде англис тилинде бурч, ураан-чакырыктар, учкул ойлор, макалдар, ырлар, суроо-жооп иретиндеги диалогдор, конкурстар жана викториналар уюштурулду. Ошондой эле “English week” деген тамада дубал газеталарды чыгаруу, “Элестетүүчү окуялар”, “Шарттуу сүйлөм” деген темада ачык сабактар өткөрүлдү, - дейт ал.
Алынган маалыматка караганда, шаардагы С.Давлетов атындагы №14 мектеп лицейинде да англис тили жумалыгы жогорку деңгээлде өткөрүлүп, эки жума аралыгында мектеп лицейинин окуучулары англис тилинде сабак жана танапис учурларында сүйлөшкөнгө аракет кылышты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30