KELECHEK
rek

Түркмөнстанда коомдук жайларда чылым чеккендерге жаза күчөтүлдү

Түркмөнстанда коомдук жайларда чылым чеккендерге жаза күчөтүлдү

Түркмөнстанда коомдук жайда чылым чеккендер 300 манаттан айыппул төлөшүүдө. Бул акчалай жазанын өлчөмү беш эсеге өстү дегенди билдирет.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, айрым жашоочулар айыппулдун жогорулаганын, административдик жазага тартылышкан соң гана билишкен. Түркмөнстан бийлиги жана мамлекеттик ММКлар бул тууралуу элге маалымат тараткан эмес. Шаар тургундары Ашхабаддын айрым коомдук жайларында чылым чегүүгө тыюу салган белгилер орнотулбаганын айтышууда.

Муну менен катар коомдук пайдалануудагы жайларды аныктаган критерийлер жок болгондуктан, тартип сакчылары чылым чегүүгө ылайыксыз жерлерди өздөрү каалагандай аныктап, жарандарга айыппул салышууда.

Өлкөдө коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам 2000-жылы күчүнө кирген. “Коомдук жайларда, бардык мекемелерде жана көчөдө тамеки тартууга тыюу салуу жөнүндө” президенттин жарлыгынан тышкары өлкөдө чылымды жарнамалоого жана машина айдап бара жатканда аны чегүүгө дагы бөгөт коюлган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Түркмөнстанда калктын 8% гана чылым чегет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53