Түркмөнстанда Ак сакалдар кеңешинин ыйгарым укуктары кеңейет
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн кеңешчи органы эсептелген Ак сакалдар кеңешинин ролун бекемдеп, анын ыйгарым укуктарын кеңейтүү ниетин билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, мындай иштер өлкөнүн саясий системасынын ишин жакшыртуунун алкагында жүзөгө ашырылат.
"Бул максатта биз Ак сакалдар кеңешинин быйыл өтө турган жыйынында Кеңештин ролун жогоруулатуу тууралуу жобого киргизилчү мыйзамдык өзгөртүүлөрдү талкуулап, аны Межилистин кароосуна жөнөтөбүз",- деп билдирди Бердымухамедов.
Президент коом үчүн маанилүү болгон маселелерди ак сакалдар менен талкуулоо «байыркы демократиялык салт» экенин жана ага ылайык, мындан ары Межилис жана министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган кандай гана маанилүү чечим болбосун Ак сакалдар кеңеши жактыргандан кийин гана күчүнө кириши керектигин белгиледи.
Гурбангулы Бердымухамедовдун бийликке келиши менен 2006-жылы өлкөнүн жогорку өкүлчүлүктүү органы болгон Элдик кеңеш (Халк маслахаты) жоюлуп, анын ыйгарым укуктары жарым-жартылай Ак сакалдар кеңешине өткөрүлүп берилген.
Салттуу түрдө Ак сакалдар кеңешинин жыйыны жылына бир жолу өтүп, катышуучулар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан тандалат. Расмий тизмеге ылайык, кеңештин жыйынына 600 ак сакал катышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









