Жалал-Абад шаарындагы почта бөлүмдөрү компьютерлештирилет
Жакынкы мезгилде Жалал-Абад шаарынын бардык 14 байланыш бөлүмдөрү компьютер менен камсыз болгону турат. Почта системасын реформалоо программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк банк аркылуу республикада 80 филиалдын ичинде Жалал-Абад филиалы да “Нива” үлгүсүндөгү автомашина менен камсыз болду. Бул тууралуу “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад почталык филиалынын жетекчиси Байзак Ниязов билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад шаарындагы почта бөлүмдөрүнүн ишин техникалык заманбап каражаттар менен камсыз кылуу максатында жакында арада бардык бөлүмдөрдү компьютерлер менен камсыз кылуу ишке ашырылмакчы.
-Техникалык жактан артта калуулар болгонуна карабастан 2016-жылы Жалал-Абад почталык филиалынын жамааты белгиленген план-тапшырмаларды аткаруу боюнча бир катар иш-аракеттерди жүргүзө алдык. Мисалы, белгиленген план 103, 4 пайызга аткарылды. Бул көрсөткүч 156, 8 миң сомго ашыкча аткарылгандыгын айгинелейт. План-тапшырмаларды аткарууда шаардын №1, 3, 7, 12, 14 байланыш бөлүмдөрү жакшы көрсөткүчтөрдү жарата алышты. Ошондой эле “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад почталык филиалынын кызматкерлери өткөн жылы 2512 пенсионерлерге айына 12 миллион 496,6 миң сомдон, ал эми 929 пособие алуучуларга ай сайын 2 миң 23, 5 миң сомду убагында жеткирип берүүгө жана маданияттуу тейлөөгө өз аракеттерин жумшашты, – дейт ал.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад почталык филиалы Мамлекеттик “Кыргызпочтасы” ишканасынын структуралык түзүмү болуп, анда 53 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 28 пайызын эркектер, 72 пайызын аял кызматкерлер түзүшөт. Кызматкерлердин орточо айлык маянасы 7 миң 146 сомду түзөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13