KELECHEK
rek

Жалал-Абадда бош жумуш орундарынын жарманкеси өткөрүлдү

Жалал-Абадда бош жумуш орундарынын жарманкеси өткөрүлдү

Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылуу бөлүмү тарабынан шаардагы Барпы театрынын алдындагы аянтта “Бош жумуш орундары жана кесиптер” аталышындагы жармаңке уюштурулду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчиси Зияда Алимова билдирди.

Алынган маалыматка караганда, өткөрүлгөн жармаңкеге Жалал-Абад шаарында иш алып баруучу бир катар ишканалар, жогорку окуу жайлары жана атайын орто кесиптик билим берүү лицейлери катышты.

“Бул жарманкени уюштуруунун максаты – жаштар арасында күчөп бараткан жумушсуздуктун шартында жаштарга көмөк көрсөтүү. Жарманкеге катышкан бир катар ишканалар өндүргөн продукциялары жана мекемедеги бош жумуш орундары менен катышты”, - дейт ал.

№75-лицейдин мугалими Аида Курбаналиеванын айтымында,болуп жаткан иш-чара өто актуалдуу эсептелет.

- Иш-чаранын өткөрүлүшү бизге абдан жакты. Мындай иш-чараларда өндүрүш тармагында иштеген ишканалар өздөрүнүн пордукцияларын элге кеңири тааныштырып, алар менен жандуу байланыш түзгөнгө жакшы шарт түзүлдү, - дейт ал.

Жармаңкени уюштуруучулар ушул багыттагы иш-чаралар дагы да уюштурула бере тургандыгын билдиришти.

 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13