KELECHEK
rek

Сузактын айылдарында жылдын мыкты мугалимдери тандалды (ФОТО)

Сузактын айылдарында жылдын мыкты мугалимдери тандалды (ФОТО)

Сузак районун бардык айыл өкмөттөрүндө педагогикалык-чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо максатында “2017-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынактары өткөрүлүп, мыкты педагогдор тандалып алынды. Бул тууралуу Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Кароо-сынакка катышкан мугалимдер негизинен сабак өтүү усулу, өзүн тааныштыруу, эссе, тест, педагогикалык чыгармачылыгын өстүрүү жаатындагы жеке долбоорлорун суруш кылышып, алар калыстар тобу тарабынан бааларын алышты. Райондогу Таш-Булак айыл өкмөтү боюнча  Таалайгүл Идирисова атындагы мектеепте өткөн кароо-сынакка Таш-Булак, Октярдын 40 жылдыгы жана Төрөмаматов атындагы мектептердини мугалимдери  кеилшкен. Анда Таалайгүл  Идирисова мектептин ар тараптуу активдүүлүгү жана чыгармачылыгы менен айырмаланган математика мугалими  Айнура Сүйөркулова 1-орунга жетишти.

Сынактын жеңүүчүсү Айнура Сүйөркулованын айтымында, кароо-сынакта талаптар катуу коюлганы менен калыстар тобу тарабынан калыстык көрсөтүлдү.

-Балдар менен иштөө мен үчүн кызыктуу, ошондуктан мугалимдик кесипти тандап, бир топ жылдан бери мектепте эмгектенип келем. Эң негизи балдарга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүү  биздин милдет, - дейт ал.

Калыстар тобунун төрайымы, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Айзада Көкчөеванын айтымында,  бул кароо-сынактын балдардын билимин тереңдөтүүдөгү алган орду зор.

- Биз, мугалимдердин арасынан мыктыларын туура тандап алышыбыз керек, анткени алдыда райондук, областтык, республикалык турларга катышышат.  Ал эми болуп өткөн кароо-сынак ачык айкын, калыс  өттү, - дейт ал.

Сузакта мугалимдердин чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуу ушуну менен эле чектелип калбайт. Райондук билим берүү бөлүмүнүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Дуйшанали Токтогуловдун айтымында, алдыда дагы көптөгөн пландуу иш-чаларалар бар. 

-Мугалимдердин коомдогу кесиптик беделин көтөрүү, билим берүүнүн жаңы потенциалдык мүмкүнчүлүгүн ачуу жана эң мыкты, таланттуу чыгармачылык менен иштеген  мугалимдерге колдоо көрсөтүү багытында көптөгөн пландарыбыз бар. Ал жаңы пландардын үстүндө аракеттерди көрөбүз дейт, - дейт ал.

Белгилей кетсек, жылдын  мыкты мугалимин тандоо сынагынын райондук туру 6-7-апрелде өтөт. Анда Сузак районундагы бардык айыл өкмөттөрдөн алдыңкы орунга жетишкен мугалимдер күч сынашат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30