KELECHEK
rek

Европа комиссиясы Жалал-Абад облусунун айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 10 млн. евро бөлдү

Европа комиссиясы Жалал-Абад облусунун айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 10 млн. евро бөлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 16-февралда Бельгия Королдугуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Евро комиссия тарабынан Жалал-Абад облусунун айыл жерин таза суу менен камсыз кылуу үчүн 10 млн. евро бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн, 20-февралда журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, Президенттин иш сапарындагы делегациянын курамында болуп, бир топ келишимдерге кол коюлуп, сапар жемиштүү болгон. Ал жерде Европа комиссиясынын Төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушту. Жолугушууда финансалык келишимдерге  кол коюлуп, тараптар маселелердин кеңири спектрин, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты.

“Жалал-Абад облусунун айылдарында жашаган калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 10 млн. евро бөлүнүп, бүгүнкү күндө каралууда. Бул да мамлекеттин жетишкендиги, Европа биримдиги менен эки тараптуу мамилени жакшыртууга көмөк болот. Акыркы 5 жылда Кыргызстанда демократиялык өнүгүүлөр болуп жаткандыгын эске алуу менен ирригация тарамгын, региондорду өнүктүрүү боюнча 72 млн. еврону бөлүп жатат. Негизинен башка банктардан жардам иретинде  да кредиттер, гранттар келип жатат. Таза суу менен иштеп жатышат. Облуста 68 айыл өкмөт болсо, 420дан ашыык айылдар бар. Жакында Европа комиссиясынан эксперттер келишип, биздин адистер менен биргеликте таза суу жетпеген айылдарга мониторинг жүргүзүшөт. Тактап туруп, анан өтө муктаж болгон айылдарга каражатты сарптайбыз. Бул бөлүнгөн каражат аябай көзөмөлдө болот. Каражатты 5 жылдын ичинде 100гө жакын айылга жеткирип, калкты таза суу менен камсыз кылуубуз керек. Европа биримдиги биринчи траншты Жалал-Абад облусуна бөлдү.Калган обулустарга да ушундай эле каражаттар берилет”, - дейт К.Сатыбалдиев.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13