KELECHEK
rek

Эмомали Рахмон мэр болгон уулун Дүйшөмбүнү башкарууга үйрөтүүдө

Эмомали Рахмон мэр болгон уулун Дүйшөмбүнү башкарууга үйрөтүүдө

Тажикстандын негиздөөчүсү деп жарыяланган Эмомали Рахмон январда уулун Дүйшөмбүнүн мэри кылып дайындаган. Рустам Эмомали 30га чыга элек жана КМШ өлкөлөрүндөгү борборлордун эң жаш мэри болуп эсептелет.

Эмомали Рахмон уулу катышкан жыйындардын биринде ага шаарды кантип башкаруу керектиги боюнча беш кеңешин берди. Мамлекет башчы алгач мэр дайыма бекем болуусу керектигин айтты. «Берген тапшырмаларыңдын аткарылышын көздөмөлдөп тур. Сен жашсың, өтө жашсың. Мен сендей курагымда совхоздун директору болгом», - деди Эмомали Рахмон.

Андан соң өлкө башчы мэрдин колунда бар, оокаттуу экенин белгиледи. «Сага эч ким басым жасай албайт. Эч ким сага тигини же муну жумушка ал деп буйрук бере албайт. Ошондуктан сени дайындадым, башканы койбойт болчумун», - деди Эмомали Рахмон.

Үчүнчү кеңеши катары Рахмон мэр эл үчүн бааларды төмөндөтүшү керектигин айтты. Өлкө башчы Рустам Эмомалини калкты татыктуу жумуш, транспорт жана электр энергиясы менен камсыздоого үндөдү.

Андан соң президент уулуна кол алдындагы кызматкерлерге эч качан орой мамиле кылбоо жана алар менен маданияттуу сүйлөшүү кеңешин берди.

Соңунда мэрди ишкерлердин үйүндө түштөнбөөгө чакырды. «Ресторандарга барба. Жумушчулардын, карылардын жана жесирлердин үйлөрүнө барып түштөн. Алар сени колунда бар нерсеси менен сыйлагандыгы үчүн кубанычта болушат. Алар калаа башчысын тосуп алууну сыймык катары көрүшөт», - деп кошумчалады Эмомали Рахмон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13