Өзбекстанда кылмыштын бетин ачкан кызматкерлерге сый акы берүү демилгеленүүдө
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кылмыш иликтөө жана тергөө менен алектенген бөлүктөрдүн ишин материалдык жактан сыйлоо системасын киргизүү керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө арналган жыйында билдирди.
Мирзиеёв Башкы прокуратура, ИИМ башчыларына бир ай ичинде кылмыш иликтөө жана тергөө менен алектегенген бөлүктөрдүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана кызматкерлердин жоопкерчилигин көтөрүү үчүн аларды материалдык жактан сыйлоо боюнча долбоор иштеп чыгууну тапшырды.
– Алар прокуратурада, коопсуздук кеңешинде, ички иштер органдардында эмгектенишет, баары бир эле иш менен алектенет, бирок жыйынтык жок. Келгиле, кылмыштын бетин ачкан кызматкерлерге материалдык жактан дем берели. Алардын ишине жараша айлыктарын эки, үч жана төрт эсеге көбөйтөлү. Себеби азыр кылмыштын бетин ачканы да, ача албаганы да бирдей маяна алып жатат, – деди Шавкат Мирзиёев.
Селектордук жыйын учурунда Шавкат Мирзиёев ички иштер органдарынын ишин катуу сынга алып, эл милицияга нааразы экенин билдирди. Президенттин айтымында, былтыр 4518 тартип сакчысы иштен кеткен. Алардын көпчүлүгү пара талап кылуу, кызматынан кыянат пайдаланууга айыпталышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









