KELECHEK
rek

Орус элчилиги адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын себебин иликтейт

Орус элчилиги адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын себебин иликтейт

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги дипломатиялык миссиянын кызматкеринин катышуусунда болгон жол кырсыгынын жагдайларын иликтөөнү убадалады.

"Эчиликтин биринчи катчысы Виктор Пуховдун катышуусу менен болгон жол кырсыгынын себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө башталды. Бардык жагдайлар, анын ичинде кызматкердин авария маалындагы физикалык абалы дагы текшерилет", - деп билдирди "Интерфакс" агенттигине Орусия элчилигинин пресс-атташеси Дарья Пахомова. Ал ошондой эле аварияда курман болгон кыргыз жаранынын жакындарына материалдык жардам көрсөтүлөрүн дагы кошумчалады.

Жол кырсыгы 16-февралда Бишкектеги Фучик көчөсүндө болгон. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү унаасы “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу унаасын келип сүзгөн. Кырсыктан “Мерседестин” 62 жаштагы айдоочусу өтө оор абалда ооруканага түшүп, өзүнө келбей каза болгон.

Тергөө иштери жүрүүдө, техникалык экспертиза дайындалды. Айрым маалымат каражаттары күбөлөргө шилтеме берип билдиришкендей, Орусия элчилигинин унаасы кызыл жарыкка карабай, жол кесилишинен өтүп барып "Мерседес" унаасын сүзгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...