KELECHEK
rek

Жалал-Абад ОИИБнын башчысы болуп Акылбек Мамасейитов дайындалды

Жалал-Абад ОИИБнын башчысы болуп Акылбек Мамасейитов дайындалды

КР Ички иштер министри Улан Исраиловдун 16-февральдагы буйругунун негизинде Жалал-Абад ОИИБнын башчысы болуп милициянын подполковниги Мамасейитов Акылбек Садырбекович дайындалды. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, жаңы жетекчини Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамына КР ИИМнин орун басары, милициянын генерал майору Курсан Асанов тааныштырды. Алар менен кошо  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, облустук прокуратура, сот тармагынын  жетекчилиги катышып ийгиликтерди каалашты.

Мамасейитов Акылбек Садирбекович ИИОда 22 жылдан бери эмгектенип келүүдө.  Бул кызматка чейин КР ИИМдин Онунчу башкы башкармалыгынын мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү  жана коомдук бирикмелер менен байланыш башкармалыгынын башчысы болуп иштеп турган.

Өздүк курам менен тааныштыруу учурунда ИИМдин орун басары К.Асанов буга чейинки иштеп кеткен Ж.Джоробековдун бир топ иштерин баалап өтүү менен бирге  жаңы жетекчи Акылбек Мамасейитовду жетишээрлик тажрыйбасы аркылуу жумушту алга жылдырат деп ишеним көрсөттү. Ошондой эле  алдыга койгон талаптарды, реформанын талаптарын аткарууну белгиледи.

Жыйындан соң, ИИМдин орун басары Курсан Асанов жергиликтүү бийлик өкулдөрү менен биргеликте Жалал-Абаддагы алгачкы жолу ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 100 батирлүү көп кабаттуу турак үйдүн курулушунан жакындан кабар алды.

Президент А.Атамбаевдин укук коргоо органдарынын шарттарын жакшыртуу демилгесинин негизинде курулуп жаткан көп кабаттуу батир 2016-жылдын ноябрь айында башталган. Мындай үйлөр буга чейин Ош, Баткен, Чүй, Бишкек, Ысык-Көл облустарында курулуп, пайдаланууга берилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13