FIDH: Аскаровдун иши адилет сот системасын шылдыңдоо болду
Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишинин кайра каралышы адилеттикти орнотуу эмес, тескерисинче “шоу” болду. Мындай пикирин Укук коргоочулардын укугун коргогон эл аралык уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия программаларынын жетекчиси Юлия Уанен билдирди.
Баш кеңсеси Парижде жайгашкан уюм 15-февралда президент Атамбаевдин Европага сапарын утурлай жарыялаган баяндамада Чүй облустук сотунун "ишти карамыш болгону адилет сот системасынын стандарттарына туура келбейт жана Улуттар Уюмунун Аскаровду бошотуу боюнча өтүнүчүнө каршы келет" деп айтылат. 16 барактан турган атайын баяндамада Чүй облустук соту күбөлөрдү угуудан баш тартып, сот залына эркин кирүүнү чектеп, кыйноолор боюнча далилдүү билдирүүлөрдү текшербей, жабырлануучунун күбөлөрүн жана адвокаттарын кысымга алып, коркутуп, аны менен Аскаровдун адилеттүү сотко болгон укугун кепилдей албаганы жазылган.
16-февралда президент Атамбаев Брюсселде Евробиримдиктин лидерлери, анын ичинде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини, Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолукту. Евробиримдиктин жогорку даражадагы өкүлдөрү менен жолугушууда Атамбаев Кыргызстандагы сот системасын реформалоону колдоого багытталган 13 миллион евролук долбоор тууралуу сүйлөшүүсү пландалган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









