Евробиримдик Атамбаевди таза президенттик шайлоо өткөрүүгө үндөдү
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Брюсселдеги жолугушуусунда Кыргызстанда быйылкы президенттик шайлоонун ачык, акыйкат жана эркин өтүшү маанилүү экенин айтты.
Ал өлкөдөгү шайлоо реформасы жаатында жасалган жылыштарды белгилеп, таза шайлоо Кыргызстандагы демократия үчүн маанилүү деп билдирди
Уюмдун дипломатиялык кызматынын расмий маалыматына ылайык, жолугушууда эки тараптуу “кызматташтыктын чордонунда турган Кыргызстандагы реформа аракеттери” жана адам укуктарынын абалы да талкууланды.
“Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын Брюсселдеги кабарчысы Рикард Жозвиакдин билдиришинче, сүйлөшүүлөр маалында 2010-жылы болгон июнь коогасындагы айрым жагдайлар боюнча айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун да маселеси көтөрүлгөн, ошондой эле Европа лидерлери Атамбаевдин болочоктогу мураскерине да кызыгышкан.
"Могерини да, Туск да Аскаровдун маселесине кайрылышты. Аскаров жөнүндө узак талкуу болду. Алар Атамбаевди бул маселе боюнча бир нерсе кылууга түртүп жатышты. Атамбаев сезимтал болуп турду, маселе чечилгенин, Аскаров бошотулбай турганын айткан экен. Шайлоо маселесинде, алар “мураскериңиз, сиздин ордуңузду басчу адам барбы?” деп сурашты. Атамбаев “менин ордумду ким басарын, кийинки президент ким болорун билбейм, бирок ал президент мендей принципиалдуу жана күчтүү болбой калышы мүмкүн” деп айткан экен",-деди Жозвиак.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









