Өлкөгө жапырт кыйратуучу зат алып кирүүнү көздөгөн орусиялык жаран кармалды
Екатеринбург шаарынын тургуну Кыргызстандагы коргонуу заводуна массалык кыйратуучу курал жасоодо пайдаланылчу жети тонна кооптуу материалдарды алып келүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Урал бажы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, Орусия жараны 6,9 тонна ичке темирлерди жана массалык кыйратуучу курал жасоо үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон 400 килограмм уулуу затты («Б» маркасында триэтаноламин) чыгарып кетүүгө аракет кылган.
«Кооптуу жүктөрдү ал Казакстан аркылуу алып өтүүгө аракет кылган, анткени өлкө Бажы биримдигине кирет жана товарларды декларациялоо талап кылынбайт. Аларды аскердик техникаларды өндүрүү жана оңдоо менен гана алектенбестен, күнүмдүк пайдалануудагы товарларды да чыгарган Кыргызстандагы коргонуу заводуна жеткирүүнү көздөгөн», - деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Екатерина Демянчук.
Кармалган адамга карата «курал-жарактар менен жардыруучу заттарды уурдоо жана опузалап алуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
«Ичке темирлерди чыгарып кетүү аракети үчүн кармалган адам сот тарабынан шарттуу түрдө 3 жылга кесилип, 50 миң рубль өлчөмүндөгү айыпка жыгылды. Химиялык курал жасоо үчүн пайдаланууга боло турган уулуу триэтаноламинди чыгаруу боюнча тергөө иштери уланууда», - деп кошумчалады Урал бажы башкармалыгынын өкүлү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05