Кыргызстан менен Кытай кызматташтыгын бекемдөөдө
Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Кытай ТИМ башчысы Ван И менен жолугушуп, ага “Данакер” орденин тапшырды.
Мамлекет башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгынын бир мисалы катары “Датка-Кемин” көмөкчордонун куруу долбоорун атады. Ал Кыргызстанга реалдуу энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүгө шарт түздү деп эсептейт.
- Дал ушул акыркы үч жылда кызматташуу жигердүү өнүгүүдө. Өлкөлөрүбүз ортосундагы мамилелер таптакыр жаңы деңгээлге чыкты. Бул жылы электр жарыгы болобу-жокпу, аны кошуналарыбыз өчүрүп салбайбы деп кыжаалат болгон жокпуз. Кытай биздин энергетика жаатында көз карандысыз болушубузга чоң салым кошту. Ошондуктан, мен КЭР төрагасы Си Цзиньпинге чоң ыраазычылык билдирем. Кытай – Кыргызстандын чыныгы досу, - деп билдирди президент Атамбаев сыйлык тапшыруу аземи учурунда.
Андан соң, министр Ван И Казакстан менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Ал ушул жумада Ташкентте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин саммитине катышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12