Жалал-Абадда айыл чарбасынын адистери менен фермерлеринин семинар-кеңешмеси өттү
Бүгүн, 15-февралда өкүлчүлүктүн аппаратынын чоң жыйындар залында КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан областтын айыл чарбасынын адистери, фермерлери менен дыйкандары үчүн атайын семинар-кеңешме болуп өттү.
Семинар-кеңешменин ишин өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов ачты. Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүүгө арналган семинар кеңешменин ишине КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин мал чарбасы жана илимий саясатты өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент Сулайман Мамаев, министрликтин жаңы технологияларды өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Аскарбек Сагынбаев, өсүмдүктөрдү экспертизациялоо боюнча департаменттин директорунун орун басары Нурбек Малабаев жана жайыт, мал чарба жана балык чарбасынын департаментинин Өзгөн балык чарбасынын директору Закирбай Козубаев, областтын райондорунун айыл чарба департаменттеринин башчылары, фермерлер менен дыйкандар катышты.
КРнын Өкмөтү тарабынан айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча 4 тармакты приоритеттүү багыт катары алууда. Алар тамчылатып сугаруу, күнөсканаларды көбөйтүү, логистикалык борборлордун ишин жандандыруу жана мал союлуучу жайларды заманбап талапка ылайыктуу куруу милдеттери коюлуп жатат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 1815,3 га айыл чарба багытындагы аянттар тамчылатып сугаруунун негизинде жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары 1448 күнөсканалар курулган.
Семинар-кеңешменин жүрүшүндө анын катышуучулары тарабынан көптөгөн суроолор берилип, аларга так жана ынанымдуу жооптор берилди.
Жолдошбай Осмонов, журналист
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13