KELECHEK
rek

Жалал-Абадда коомчулук Ооган согушунун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүштү

Жалал-Абадда коомчулук Ооган согушунун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүштү

“Силердин эрдигиңер, жашоодогу активдүү позицияңар биздин келечек муундарды туура тарбиялоого кызмат кылат. Ушунун өзү эле коомго кызмат кылуу болуп саналат”. Ооган согушунун катышуучуларына Жалал-Абад шаарынын коомчулугу ушундайча баа беришти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ооганстандан советтик аскерлердин чыгып кетишинин 28 жылдыгына арналган Жалал-Абад шаарындагы бүгүнкү иш-чара “Жеңиш” эс алуу багындагы Ооган согушунда курман болгон жоокерлердин эстелигинин жанында өткөрүлүп, ага шаар мэриясынын, шаардык муниципалдык кызматтардын, коомдук уюмдардын, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулар жана студенттер жамаатынын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Ооган согушунун катышуучулары жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү катышышты.

Шаар бийликтеринин атынан шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев, акскалдар кеңешинин төрагасы Аламан Адиев, шаардагы аскер бөлүктөрүнүн жетекчилери жана башкалар сөз сүйлөшүп, Ооган согушунун ардагерлерине жакшы каалоолорду билдиришти. Иш-чаранын аягында курман болгондорго арналып Куран окулду, ардагерлерге сый тамак берилип, концерт тартууланды.

Иш-чара учурунда анын катышуучулары согушта курман болгондорду бир минута эскеришти, аларга арналып асманга ок атылды жана алардын үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жакшы каалоолорду айтышты. Курман болгон жоокерлерге, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине да гүлчамбарлар коюлду.

Эскерте кетсек, учурунда Жалал-Абад шаарынан Ооган согушуна 500дөн ашуун жигиттер кетишкен, алардын ичинен экөөсү курман болгон. Азыр шаарда Ооган согушунун 96 ардагери бар, алардын үчөөсү ар кайсы топтогу майыптар эсептелет. Ал эми Ооганстандан аман-эсен кайткан 20 жоокер өз жерине келгенден кийин көз жумушкан.  

    

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13