“Жоробековду кандай себеп менен кызматтан алганы бизге түшүнүксүз?”, - дейт милициянын ардагери
Бүгүн, 15-февраль күнү Сузак, Базар-Коргон райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүшүп, Жалал-Абад ОИИБнын мурдагы жетекчиси Жеңиш Жоробековду кандай себеп менен кызматтан алгандыгына түшүнбөй жатышкандыгын билдиришти.
Сузак районунун тургуну, 38 жыл милицияда иштеген ардагер Мойдун Мамажановдун сөзүнө караганда, Жеңиш Жоробековдун кызматтан алынышы карапайым эл үчүн түшүнүксүз болуп жатат.
- Мен бир нерсеге түшүнбөй турам? Капыстан эле Жалал-Абад ОИИБнын началниги Жоробеков Жеңишти жумуштан алды деп угуп калдык. Кандай себеп менен кызматтан алгандыгы табышмак болуп жатат. Милициянын ишинде кээ бир жашырын сырлар болот. Аны коомчулукка айтканга мүмкүн эмес. Бирок, ошентсе да кандай себептер менен кызматтан алынгандыгын биз билсек жакшы болот эле. Анан эми экинчиден, Жоробековдун кызматка келгендигине 4 жыл болду. Мына келгенде эле эл менен жакын болуп, эл менен бирге иштей баштады. Мен ардагерлер кеңешинин бир мүчөсүмүн. Мурдагы начальниктер арадагерлерге анчалык маани бербей калган болчу. Жеңиш келгенден баштап, облус боюнча ардагерлерди чогултуп, уюштуруп, ушунчалык эриш-аркак болуп иштедик. Бул жигиттин иш алып баргандыгы, элдин арасында болгондугу, тынбагандыгы, жөнөкөйлүгү, адамдар менен мамилеси өзгөчө болду.
Канча жылдан бери айтат, милицияны реформа кылалы, реформа кылалы деп. Ал эми Жоробеков реформаны бүтүрөйүн деп эле койгон болчу. Бүтүн эл менен ынтымакташып, эриш-аркак болуп, ачылбаган кылмыштарды ачып, кандай маселе болсо да чечип турган. Муну Жалал-Абад облусунун жалпы калкы айтып жатышат. Таң калып жатабыз?.. Ушуга окшогон кадрларды иштетпесек, анан кимди иштетебиз? Эң илимдүү, билимдүү адам гана жөнөкөй, ушунчалык кичи пейил болуп, чоңго чоңдой, кичүүгө кичинедей мамиле кыла алат. Өзү да Түркиядан билим алган, билимдүү кадр. Ичкилик ичпесе, жаман иш жасабаса? Анан эч кандай себеби жок кызматтан алып койгонго болбойт? Бир кылмышы болсо, же башка кемчилиги болсо бир жөн эле. Биз эмне себептен кызматтан алып койгонуна түшүнбөй жатабыз? Ошол себептен, жөн тура албадык. Органда 38 жыл иштеген арадагер, милициянын полковниги биз айтпасакЮ анан ким айтат. Мындай кадрларды күндүзү издесең таппайсын? Төрт жылдан бери бирге иштеп жатабыз. Бизди дайыма жанына алып, макулдашып иш кылат. Азыр кылмыш деле азайып жатат. Республикада 2-орунду алыптыр деп жатышат. Балким жогорку кызматка деп айтып жатышкандыр. Андай болсо, биздин дообуз жок. Ушундай кадрды таппай жүрсөк, тарбиялай албай жатсак, анан кандай адам ОИИБна начальник болуп келет?, - дейт милициянын ардагери М.Мойдун Мамажанов.
Ал эми Сузак районунун тургуну, 11 баланын энеси, 80 жаштагы Бүхажар Арзыкылованын айтымында, өз ишиин билип иштеп жаткан кадрдын кызматтан кетиши туура эмес болуп калды.
- Жеңиш Жоробеков чоңду чоңдой көрөт, кичинени кичинедей көрүп, ар бирине өзүнчө мамиле кылат. Мурункуга караганда, тартип бузуп, ар кандай тополоң кылган балдардын саны жоюлду. Кечки саат 8-9дан кийин жаш балдар мурдагыдай өз алдынча көчөдө көп жүрбөй калды. Милициялар көчөлөргө патрулга чыгышып, тартипти көзөмөлдөп жатышат. Начальник Жеңиш үчүн жаныңды бер десе, мен ал үчүн жанымды берүүгө даярмын. Эми Жалал-Абад ОИИБна Жоробековдой кадр кайра келбейт. Менин 45 неберем, 4 кыбырам бар. Мага окшогон энелер даяр турат. Ушул бала үчүн жаныңды бер десе жанымды берүүгө даярмын. Жеңиш Жоробековду өз кызматына коюп койсун. Арак ичпесе, бир жерге барып жаман иш жасап отурбаса, анан ушундай кадрды иштетпегенде, кимди иштетебиз? Президенттен сураныч, Жеңиш Жоробековду өз ордуна ишке кайра коюп койсун. Биз ошону суранабыз. Болбосо, машина менен Бишкекке барып, керектүү чоңдорго да кирүүгө даярбыз. Мага окшогон аялдар деле ошону айтып жатышат: “Эже сиз барсаңыз, биз да чогуу барганга даярбыз” – деп. Мурда самоордо, казинодо жүргөн балдар жок. Муну ким жоготту? Жеңиш Жоробеков жоготту. Болбосо, бардак болуп кеткен. Ошол баш-аламандыкты жакшы жолго салды. Президентибиз деле жакшы адам. Ушул баланы иштетсин, жакшы ишке койсун. Мен ушуну энелердин атынан суранып кетем, - деди Б.Арзыкулова.
Ошондой эле, Сузак айылдык округунун ардактуу аксакалы Шакиржан Хамдамов аксакал да өз сөзүндө Жеңиш Жоробеков мектептерде балдар үчүн спорт аянтчаларын курууга көмөктөшүп, балдарды жат көрүнүштөрдөн алыстатып, спортко көп көңүл буруп, ар кандай мелдештерди өткөрүп келгендигине токтолуп, эмне себептен кызматтан алып койгондугуна түшүнбөй тургандыктарын айтып өттү.
“Жаштар арасында мелдештерди өткөрүп, эл арасында ынтымакты, достукту кармап турду. Сузак айылынын элинин атынан суранып кетет элем, эгерде башка жогорку кызматка кой турган болсо, анда ага макулбуз. Бирок, ишсиз калтыра турган болсо, эл арасында нааразычылык күч алат. Мына ушундай иштерди жасап жаткан кадрды эч кандай себеби жок ээлеген кызматынан алып койгондугуна эл нааразы болуп жатышат. Бул Жеңиш Жоробеков өсө турган бала. Жогоруда турган чоңдорубузга нысап берсин. Иштей турган баланы караштырып көрүп, тиешелүү кызматка коюшун суранып кетет элек”,- дейт Ш.Хамдамов аксакал.
Жалал-Абад облустук Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Толубай Энназаровдун айтымына караганда, Ж.Жоробековдун кызматтан алынганын аксакалдар саясий оюн катары кабыл алышкан.
“Ар бир аткарылган иш бааланууга жатат. Жеңиш Жоробеков кызматка келгенине 4 жыл болсо, бул аралыкта биргеликте бир топ иш-чараларды өткөрдүк. Бул жигит келип, жаштар менен коомчулук менен ошолордун арасында Ооган согушунун ардагерлер кеңеши менен да чогуу иш алып барып турду. Мектеп окуучулары арасында “Мыктыгер” деген мелдеш өткөрүлдү. Эгемен Кыргызстандын тарыхында бир да жолу өтпөгөн, бул Союз учурунда өткөрүлчү. Бир мезгилде “Армияны саясаттан тышкары кармоо жөнүндө” мыйзам чыккан. Азыр бул мыйзам бузулуп, өлкөдөгү саясий оору милиция тармагына да өткөнү өкүнүчтүү болуп жатат. Бул саясий оору келечекте өнүп-өсө турган кадрларыбызга өзүнүн тескери таасирин берет. Жоробековду кызматынан жогорулатуу керек. Төмөнкү баскычка төмөндөтүүгө туура келбейт. Кызмат абалына байланыштуу төмөндөтүүгө жатпайт. Былтыркы жылы ОИИ башкармалыктар арасында Жалал-Абад ОИИБгы жалпы көрсөткүчтөр боюнча экинчи орунду алган болчу. Эми ушундай экинчи орунду алган башкармалыктын жетекчисин кызматтан алып коюу өзү болбойт. Жоробековдун жасаган иштери өтө көп. Жогоруда айтылган сөздөргө толук кошулам. Андан башка да аткарылган иштер бир топ десем болот”, - деди Т.Энназаров.
Айрым интернет сайттарга КР Ички иштер министри Курсан Асанов интервью берип, Жоробековдун кызматтан алынгандыгынын себебин “террористтерге курал жарактардын сатылышы жана өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу иштен алынды” – деп түшүндүрмө берген. Бирок, К.Асановдун жогорудагы жообуна төмөндөгүчө жоопторду беришти.
- Төрт жыл аралыгында Жалал-Абадга темирдей тартип орноткон жетекчини болбогур себеп менен иштен алуу-караандай жалаа. Жашоо уланып жаткандан соң, кылмыштуулук болбой коймок беле? Же ар бир баланын артынан “асынып албасын” деп милиция ээрчип жүрүшү керекпи? Балдар арасында суициддердин болуп жатканы биринчиден милициянын эмес, ата-энелер менен мугалимдердин кемчилиги. Эгер ушул нерселер Жоробековдун кызматтан кетүүсүнө себеп болгон болсо, Курсан Асановго “рахмат” айтабыз,- дейт Энназаров.
Сузак районунун тургуну Шакиржан Хамдамов Жалал-Абад аймагында улуттар аралык мамиленин бекемделишине Жоробековдун салымы жогору экендигин айтып, “Милиция ар кимдин үйүндө бирден карап жата турган орган эмес. Алар жалпы коопсуздукту сактайт. А элдин жашоосу уланып жатканда кылмыштуулук боло берет. Милиция ошолордун бетин ачуу менен алектенет”,- деп кошумчалады.
Базар-Коргон районунан келген “Элим, жерим барсыңбы?” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, спортсмендер жогоруда айтылгандарды колдоого алышып, Жоробековдун 4 жыл аралыгында аткарган иштерине токтолуп, мындан ары да эл үчүн ак иштеп берерин баса белгилеп кетишти.
Эскертип кетсек, үстубуздөгү жылдын 3-февралында КР ИИМнин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясында Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси Жеңиш Жоробеков кызматтан алынганы маалымдалып, бирок эмне себептен экендиги ачыкталбаган. Ошол себептен, коомчулукта жана социалдык тармактарда Ж.Жорбековдун кызматтан алынуусуна байланыштуу бир катар нааразычылык пикирлер, талкуулар жаралган.
Акырында маалымат жыйындын катышуучулары: “Жалал-Абаддагы бүгүнкү тынчтык бузулбасын. Улуттар аралык ынтымак сакталып, Өкмөт Жоробековго татыктуу кызмат берсин!”,- деп бата кылышты.
Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт
Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...
АНАЛИТИКА 2016-05-18 13:03
Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...
Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...
АНАЛИТИКА 2016-05-31 14:15
Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...
АНАЛИТИКА 2016-06-05 04:30
Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...
Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...
АНАЛИТИКА 2016-06-10 16:39
Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?
Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...
АНАЛИТИКА 2016-07-05 17:58
Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...
Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...
АНАЛИТИКА 2016-07-30 16:45
Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...
Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...
АНАЛИТИКА 2016-08-21 13:24