
Өлкөнүн чемпиону “Алай” футболдук клубуна 1 млн сомдук акчалай сыйлык тапшырылды (ФОТО)

Кечээ, 14-февраль күнү Ош улуттук драма театрында “Алай” футболдук клубун 2016-жылдагы Кыргыз Республикасынын чемпиондугу жана I- лигадагы “Алай” командасынын лиганын чемпиондугу үчүн расмий түрдө сыйлоо аземи болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чарага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, КР футбол федерациясынын вице-президенти Канат Маматов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, “Алай” футболдук клубунун толук курамы, мекеме уюмдардын жетекчилери жана футбол күйөрмандары катышты.
Алгач, Ош шаарынын мэри, «Алай» футбол клубунун Президенти Айтмамат Кадырбаев, клубдун оюнчуларын, жалпы эле футбол күйөрмандарын 2016-жылдагы спорттук жеңиши менен куттуктап, жалпы шаардыктардын атынан ыраазычылык билдирди.
- Ош шаарынын «Алай» футбол клубу түптөлгөндөн бери, футболчуларды даярдоонун чыныгы устаканасына айланып, жүздөгөн мыкты оюнчуларды тарбиялап чыгарды. Бүгүн да бул салт уланып, клубдун тарбиялануучулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн футбол клубдарынын катарын толуктап жаткандыгы биз үчүн өзгөчө сыймыктуу.
Клуб өзүнүн тарыхында ары даңазалуу, ары татыктуу жолду басып өттү. 1992- 1993 жана 2006-жылдары «Алай» командасы өлкөбүздүн чепионатында коло медалына татыктуу болсо, 2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чемпиондук титулду жеңип алды. Ал эми 2015-жылы экинчи жолу Өлкөбүздүн чемпиону аталды. Чемпион болуш кыйын, ал эми чемпиондук наамды сактап калыш андан кыйын экендигин баарыбыз жакшы билебиз.
Намыска жарап,чемпиондук наам үчүн ат салышкан баардык командаларды артка калтырып 2016-жылы да “Алай” командабыз дагы бир ирет чемпиондукту багындырды. Аны менен катар, I-лигадагы “Алай” командабыз да лиганын чемпиондугун жеңип алып, бизди кош кубанычка бөлөдү. Быйылкы жылы “Алай” командасынын алдыда Өлкөнүн футбол боюнча чемпионаты менен катар Азия конфедерациясынын кубогу үчүн мелдеш күтүп турат. Бул мелдештерде да “Алай” командасы өзүнүн жеңиштери менен жалпы күйөрмандарын кубантарына ишенүү менен ийгиликтерди каалайм.
Шаардын мэриясы мүмкүн болушунча клубду камкордукка алуунун аракеттерин көрүп келе жатат. Акыркы беш жылда эле клубду каржылоо 2,5 млн сомдон 18 млн сомго жетти. Бул аракетибиз мындан ары да улана берет. Учурда курулуп жаткан Футбол Академиясынын бүтүшү менен келечекте дүйнөгө атагы чыккан футболисттер дал ушул биздин Ош шаарынан чыгып, «Алайды» атына жараша, эң мыкты клубга айландыраарына ишенич чоң,-деди А.Кадырбаев.
Шаар мэри Ош шаарынын мэриясынын атынан клубдун футболчуларына чемпиондук үчүн 1 млн сом акчалай сыйлык тапшырды.
Андан соң, КРнын футбол федерациясынын вице-президенти К.Маматов “Алай” клубунун президентине, футболчуларына, машыктыруучуларына жана дарыгерлерине медалдарды тапшырып, команданын капитанына “Кыргызстандын чемпиону-2016” кубогун расмий түрдө тапшырды.
Ошондой эле, А.Кадырбаев I- лигадагы “Алай” командасынын лиганын чемпиондугу үчүн медалдарды жана кубок ыйгарды.
Мындан сырткары команданын эң мыкты оюнчулары ар кандай номинациялар менен сыйланды. Алардын катарында КРнын 2016-жылдагы чемпиондунда эң көп гол киргизген аталган команданын чабуулчусу Алиа Силла экинчи жолу “Эң мыкты чабуулучу” деп аныкталды.
Иш-чара белгилүү эстрада жылдыздарын катышуусунда, концерттик программа менен коштолду.
Эске салсак, Ош шаарынын “Алай” футболдук командасы өткөн жылдын 29-октябрь күнү А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо Канттын “Абдыш-Ата” командасын 2:0 эсебинде жеңип, мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону аталган.
«Алай» футбол клубунун таржымалы тууралуу тарыхка көз чаптырсак 1965-жылы «Шахтер», 1994-жылы «Ош-Алай-пирим», 1996-жылы «Динамо-Алай», ал эми 2003-жылдан бери «Алай» футбол клубу аталып, 50 жылдык даңазалуу жолду басып өтүп, Ордолуу Ош шаарынын атын чыгарып, күйөрмандарына кубаныч тартуулап келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20