KELECHEK
rek

Ноокен районуна аким болуп Эркинбек Маматаев дайындалды

Ноокен районуна аким болуп Эркинбек Маматаев дайындалды

Кечээ, 14-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп Маматаев Эркинбек Садырбекович дайындалды.Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Ноокен районунун активи менен өткөрүлгөн жыйында КР Өкмөт башчысынын тиешелүү буйругун КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу – инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Бусурманкулов тааныштырды. Буга чейин Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп иштеп келген Абдырахман Осмонов өз арызына ылайык КР Өкмөт башчысынын буйругу менен кызматынан бошотулган.

Ноокен районуна жаңы акимди дайындоого арналган активдин жыйынында райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыманап Токтогулов Ноокен районунун мурдагы акими Абдырахман Осмоновдун жакшы иш алып баргандыгын белгилеп, жаңыдан дайындалган аким Эркинбек Маматаевге жооптуу ишине активдин катышуучуларынын атынан ийгилик каалады.

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалган Эркинбек Маматаев буга чейин Ноокен районундагы Бүргөндү айыл аймагынын башчысы болуп иштеп келген. Ал жетектеген Бүргөндү айыл аймагы 2015-2016-жылдардын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун “Эң мыкты айыл өкмөтү” катары таанылып, 3 млн. сомдук сертификаттын жеңүүчүсү болгон. Эркинбек  Маматаев  1972-жылы январь айында туулган. Ал 1993-жылы К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун ветеринария адистигин жана 1997-жылы  Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун  “юриспруденция” адистиги боюнча билим алып, юрист адистигине ээ болгон. Үй-бүлөлүү, 4 баланын камкор атасы. “Ноокен районунун Ардактуу атуулу” наамынын ээси.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41