Өзбекстанда 12800 киши диний себептер менен камакта отурат
АКШнын эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) кезектеги баяндамасын жарыялап, Өзбекстанды өзгөчө кооптуу өлкөлөрдун катарына киргизди. Документте өлкөдө диний себептер менен 12800 киши түрмөдө жатканы жана алардын көбү зомбулук коркунучу алдында экени баса белгиленет.
Баяндамага ылайык, диний айып менен камалган 84 киши камераларда жалгыз отурат. 2015-жылы Орусия, Түркия, Европа жана АКШдан кайткан эмгек мигранттар террордук топтор менен байланышта деген айып менен массалык түрдө камалышкан. Кармалгандардын 200дөн кем эмесинин тагдыры белгисиз.
Өкмөт кармалгандардын көбү ”ваххабизм” жана “жихадизм” сыяктуу экстремисттик топторго тиешеси бар экенин айтып келет, бирок көбүнесе далилдерди келтирбейт. Баяндамачылар өзбек түрмөлөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда жана милиция бөлүмдөрүндө кыйноолор, анын ичинде зордуктоо жана противогаз колдонуларын белгилешет.
Баяндаманын авторлору АКШ өкмөтүнө өзбек өкмөтү менен милдеттүү келишим түзүүнү, Эгер Өзбекстан дин эркиндиги боюнча милдеттенмелерин аткарбаса, санкция киргизүүнү сунуштады. АКШ Мамлекеттик департаментине Өзбекстанды өзгөчө кооптонуу жараткан өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүгө үндөдү.
Уюм өзбек өкмөтүнөн БУУнун дин эркиндиги боюнча баяндамачыларынын Өзбекстанга баруусуна макулдук берүүгө жана бул үчүн толук шарт түзүүгө чакырууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56