Президент Алмазбек Атамбаев биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-майда, Стамбул шаарына иш сапарынын алкагында биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Күндүн биринчи жарымында Президент Алмазбек Атамбаев биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышып жаткан делегация башчылары менен бирге БУУ Башкы катчысы Пан Ги Мундун төрагалыгы алдында өткөн Мамлекет башчыларынын жана Өкмөт башчыларынын жабык отурумуна катышты.
Андан соң биргелешип эстеликке сүрөткө түшүү аземинен кийин Мамлекет башчысы биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммиттин расмий ачылышында болду.
Саммит алаңында Президент Алмазбек Атамбаев Германия Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолукту. Лидерлер кыргыз-немис эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммиттин ишине дүйнөдөгү 50 өлкөнүн Президенттери жана Өкмөт башчылары катышууда.
БУУнун калкасы алдында өтүп жаткан саммит эл аралык коомчулуктун кризистерге жооп кайтаруу боюнча мамилесин өзгөртүүнү көздөйт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12