Жалал-Абадда Ооганстан согушунун бүткөндүгүнүн 28 жылдыгы белгиленди (ФОТО)
Кечээ, 13-февралда Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” сейил багында Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 28 жылдыгы салтанаттуу маанайда белгиленди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы.
Ушул окуяга арналган митинг эскерүү иш чарасы Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” сейил багындагы Ооганстанда курман болгон жоокерлерге арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарларды коюу аземи менен башталды. Облустук деңгээлде өткөрүлгөн салтанаттуу митинг эскерүүгө облустун район-шаарларынан 100дөн ашуун Ооганстан согушунун ардергерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери жана облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.
Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына арналган эскерүү митингисинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни менен башталып, анда КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Нургазы Нармырзаев Ооганстан согушунун катышуучуларына атайын куттуктоо сөзү менен кайрылды.
- Ооганстан апаатына облусубуздан 1267 эр-азамат жоокерлер катышып, арасынан 27 жаш жигиттерибиз ошол жакта баатырларча курман болушту. Бир жоокерибиз дайынсыз жоголгон. Базар-Коргон районунун тургуну Юрий Исламов көрсөткөн эрдиги үчүн курман болгондон кийин ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ардактуу наам берилген. Анын ысмы Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылдык аймагындагы өзү окуган мектепке ыйгарылган. Ал эми Ооганстан согшунан кайтпай калышкан баатырларыбызды элибиз эч качан унутпайт,- деди өкүлдүн аппарат жетекчиси Нургазы Нармырзаев.
Ооганстан согушунун ардагерлерин облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов, облустук Ооганстан согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Толубай Эрназаров куттукташты. Эскерүү митингинин аягында Ооганстан согушунда курман болгон баатырлардын жаркын элесине арналып куран окулду.
КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунндагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өздүк резервдик фондусунан Ооганстан согушунун аяктагандыгынын 28 жылдык иш чарасын өткөрүүгө жана Ооган согушунун катышуучуларына жана майыптарына акчалай материалдык жардам көрсөтүүгө 110 миң 660 сом акча каражатын ажыратып берди.
Ооганстан согушунун ардагерлерине майрамдык сый тамак уюштурулуп, ондогон согуш ардегерлерине өкүлчүлүктүн Ардак Грамоталары тапшырылды. Өз кезегинде облустук маданият тармагынын кызматкерлери кеңири программадагы концерт тартуулашты. Райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары- акимдер менен щаарлардын мэрлери Ооганстан согшунун ардагерлеринин облустук иш чарага катышуучуларынын келип-кетүү каражаттарын толук көтөрүп беришти. 15-февралга чейин облустун бардык район-шаарларында Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 28 жылдык салтанаттуу эскерүү митингдери жер-жерлерде уюштурулуп өткөрүлөт.
Жолдошбай Осмонов, журналист
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13