Бишкекте пенсионер Путинден берилчү жардамга ынанып, дээрлик миллион сомунан ажырады
Бишкекте милиция Орусия президенти Владимир Путинден материалдык жардам алып берүүнү убадалап, пенсионерден ири суммадагы акча алган кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка караганда, 26-январь күнү 1934-жылы туулган М. Ч., аттуу пенсионер милицияга кайрылып, белгисиз түгөйлөр ишенимине кирип, Орусия президенти Владимир Путинден материалдык жардам сурап берүүнү убадалап, 939 миң сомун алып кетишкенин кабарлаган.
Арыздануучунун билдиришинче, 30-35 жаштагы түгөйлөр өздөрүн пенсионерлерге жардам берүүчү комиссиянын кызматкерлери катары тааныштырышкан.
Бул кылмышка шектелип сегиз киши кармалды, алардын төртөө Өзбекстан жарандары, калгандары – кыргызстандыктар.
Милиция алар жашаган үйлөрдө тинтүү жүргүзүүдө. Шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар буга окшош дагы беш кылмышты ишке ашырышканын моюнга алышты.
Бул факт боюнча “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05