KELECHEK
rek

Террорчулардан сактоо үчүн Эйфель мунарасы айнек дубал менен тосулат

Террорчулардан сактоо үчүн Эйфель мунарасы айнек дубал менен тосулат

Париж бийлиги Эйфель мунарасын террорчулардан сактоо максатында анын айланасына ок өтпөс айнек тосмо курууну пландап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттигине калаа мэриясындагы өз булагы билдирүүдө.

Аткаминерлер курулуш күзгө чейин бүтөрүн кабарлашууда. Учурда Эйфель мунарасын тегерете темир тосмо курчап турат. Ал былтыр июнда футбол боюнча Европа чемпонатына карата “убактылуу” орнотулган. Көрүлгөн чараларга карбай, футбол күйөрмандары массалык баш-аламандык учурунда полициянын курчоосун жарып өтүп, тосмону ашып түшүшкөн.

Ок өтпөс айнек тосмонун бийиктиги 2,5 метр болот, бул үчүн 20 миллион евро жумшалары айтылууда. Айнек дубалдын долбоорун атайын комиссия жана Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги жактырышы керек.

Долбоорга ылайык, мунаранын айланасындагы жөө жүрүү схемасы өзгөрөт. Париждин символуна алып барчу айрым кире бериштер жабылат. “Эйфель мунарасынын коопсуздугун коргоо боюнча иштин жүрүшүндө биз Франциянын эң таасирдүү архитекторлору менен кеңешип жатабыз жана бардык өзгөрүүлөр мүмкүнчүлүккө жараша шаардын чөйрөсүнө шайкеш болот”,- деди Париж мэриясынын туризм маселелери боюнча орун басары Жан-Франсуа Мартинс.

Мунараны көрүү үчүн жылына жети миллиондон кем эмес киши келет. 2015-жылы ноябрда Париж террордук чабуулга кабылган, анын кесепетинен 130 адам курман болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38