
Жалал-Абад шаарынын мектептеринде окуучулар кымбат баалуу телефондорду көтөрүп жүрүшөт

Жалал-Абад шаарындагы мектептерде окуган окуучулардын көрчүлүгү кымбат балуу кол телефондорун көтөрүп жүрүшөт. Ал эми интернетке уланган ал телефондордун терс таасиринен окуучуларды сактап калуу жагы ата-энелерге жүктөлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Достук” аймактык башкаруусунун жетекчиси Маданбек Адыкулов билдирди.
Анын айтымында, шаар бийликтери мектеп окуучуларынын интернеттеги опурталдуу оюндардын кесепеттеринен сактап калуу үчүн комплекстүү чараларды көрүп жатышат. Бул маселеде эң башкы ролду ата-энелер да ойношу абзел.
-Шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева баштаган прокуратура, билим берүү органдары, аялдар кеңеши, социалдык коргоо, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн адистеринен түзүлгөн топ бардык мектептерде окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүп, кеңири түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Бизди ойго салган нерсе окуучулардын колундагы интернетке жалганган кымбат балуу кол телефондору болуп жатат. Бир эле мектепте окуучулар арасынан 350 даана сенсордук кымбат баалуу телефондор чыккан. Ал телефондордун эң кымбаты 30 миң сомду экен. Ата-энелер балдарын жакшы көрүп, алардын кооптуу жагдайга кептелишине себеп болуп калышууда. Эми ата-энелер жөнөкөй, арзан кол телефондорун сатып берүү сунушталып, көзөмөл жүргүзүү жагы көбүнчө ата-энелерге жүктөлүп жатат. Анткени, балдардын көп убактысы үйлөрүндө өтөт, - дейт ал.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир айлык жарыялап, учурда ар кандай комплекстүү иш-чараларды алып барууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30