KELECHEK
rek

Жалал-Абадда Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгышынын 28 жылдыгын белгилөөгө даярдык башталды

Жалал-Абадда Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгышынын 28 жылдыгын белгилөөгө даярдык башталды

Жалал-Абад шаарынын бийликтери Ооганстандан советтик аскерлердин чыгышынын 28 жылдыгын салтанттуу белгилөө жана Ооган согушунун катышуучуларына сый-урмат көрсөтүү боюнча иш-чараларды башташты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаар мэриясында тиешелүү буйрук чыгып, иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча 27 кишиден турган атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. Ал уюштуруу комитетин шаар мэри Салайдин Авазов өзү жетектейт.  

- Биз жыл сайын ушундай иш-чараларды өткөрүп келебиз. Февраль айынын 15де “Жеңиш” эс алуу багындагы Ооган согушунун катышуучуларына арналып коюлган эстеликтин жанында салтанаттуу иш-чара өтөт, ага Ооган согушунун ардагерлери, үй-бүлө мүчөлөрү, башка да аскердик конфликттерге катышкандар, шаардын активи, коомдук уюмдар катышышат. Ага чейин шаардагы бардык эмгек жамааттарында, айрыкча окуу жайларында Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуулар өткөрүлүп, аскердик-патриоттук тарбия берүү иши жүрөт, - дейт шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев.

Эскерте кетсек, азыркы тапта Жалал-Абад шаарында Ооган согушунун 96 ардагери бар. Согушка кеткен эки жоокер курман болгон, ал эми согуштан кайтып келгенден бери 20 жоокер каза тапкан.                    

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13