
Жалал-Абадда Бекмамат Осмоновго арналган илимий-парктикалык конференция өттү (ФОТО)

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун 70 жылдык маарекесине арналган “Өмүрү өрнөк инсан” аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий иштер боюнча проректору Курманбек Алыбаев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун 70 жылдык мааракесин Өкмөттүн атайын токтомунун негизинде жер-жерлерде өткөрүү белгиленип, аны эскерүү менен коомдогу ордун, саясий ишмердүүлүгүн жана инсан катары өзгөчөлүктөрүн, эл-жер үчүн аткарып кеткен эмгектерин жаш муундарга жеткирүү максаты коюлган.
-Бул илимий-практикалык конференцияны КР Өкмөтүнун облустагы өкүлчүлүгү, Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана биздин окуу жай уюштурган. Бул иш-чарага белгилүү саясий ишмердин замандаштары, жакындары, облустук бир катар жетекчилер жана окуу жайдын студенттери жана окутуучулар жамааты катышышты, - дейт ал.
Жыйында чыгып сүйлөгөн Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев Бекмамат Осмонов ошол кездеги эл-жерди башкаруудагы саясий көрөгөчтүгүнө токтолду.
-Бул тарыхый инсан көп окуган, чет элдик саясий тажрыйбаларды изилдеп таап, анын негизинде өз өлкөсүн, өз элин өнүктүрүүгө аракет жасаган. Андан тышкары, адамдык бийик сапаттары бар экендиги жөнүндө айтылып келет. Биз да Бекмамат Осмоновдун ушул сапаттарын үйрөнүп, андан дайым үлгү алып жүрүшүбүз керек. Албетте мындай даңктуу инсандын эмгеги жерде калбайт. Биздин Жалал-Абад шаарынын №5 орто мектебине, мурдагы Өзбекстан көчөлөрүнө Бекмамат Осмоновдун ысымы ыйгарылган, - деди ал.
Эскерте кетсек, Бекмамат Осмонов 1990-жылы Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасы, бир жылдан кийин жаңыдан уюшулган Жалал-Абад облусунун алгачкы акими болуп дайындалган жана ошол жылдары облустун инфраструктурасын, маданиятын өстүрүүгө чоң салым кошкон. 1997-жылдын 28-октябрь күнү 52 жашында жүрөк оорусу менен ооруп, дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30
Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө
Каракалпакстандын Нукус районунда нак акчанын жоктугунан улам мугалимдерге маянанын ордуна жөжө...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 10:32