Өлкөдө Орусия жана Украина элчилеринин ортосунда жаңжал чыкты
Украина темасына байланыштуу Бишкекте Украина жана Орусия элчиликтери маалымат каражаттары аркылуу кайым айтышууда. Орус жана украин элчилеринин пикир келишпестигине украиналык дипломат Николай Дорошенконун жергиликтүү журналисттер менен жолугушуусу себеп болду.
1-февралда өткөн жолугушуу тууралуу Vesti.kg сайтына “Украина элчиси кыргыз журналисттерин Орусия менен чатакка түртүп жатабы?” деген макала чыккан.
Анда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутьконун пикири жарыяланып, ал украиналык кесиптешин дипломатиялык этиканы бузуп жатат деп сындаган. Ошондой эле элчи Крутько акыркы учурда курчуп кеткен Украинанын чыгышындагы Авдеевка шаарчасындагы абалга токтолуп, аны “Украина тараптын чагымы” катары баалаган.
- Авдеевкадагы абал боюнча айтсак, кезектеги чагымды уюштурушту, анын артынан “ууру ууруну карма деп кыйкырат” дегендей абал жаралды. Тилекке каршы, ага ушундай көрсөтмө келсе керек. Эми аны эч нерсе кыла албайсың, - деп билдирген орус элчиси макалада.
Мындан соң Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко да орус дипломатына жооп кайра кайтарды. Ал орус элчиси Украинанын ички ишине кийлигишүүгө укугу жоктугун эске салып, өзүнүн эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн ишин кылып жатканын белгиледи:
- Украинанын элчиси катары менин эң негизги милдеттеримдин бири өз мамлекетимде болуп жаткан окуялар тууралуу бурмаланбаган, чын жана бейтарап маалыматты жеткирүү. Мен үчүн объективдүүлүк жана чындык маалымат менен иштөөдөгү негизги принцип. Дал ушул нерсе менин орус маалымат каражаттарындагы жасалма сюжет жана “Интернет троллдордун фабрикасы” даярдаган “жалган жаңылыктарга” таянган орус тараптын мамилесинен айырмалап турат.
Ошондой эле Николай Дорошенко орус элчиси көрсөтмө бергидей "календарда 1917-жыл эмес экенин" эске салды.
Украин элчиси менен болгон журналисттердин жолугушуусуна катышкан “Республика” гезитинин негиздөөчүсү, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын айтуусунда, журналисттер элчи Дорошенко менен бул өлкөдөгү акыркы жагдай боюнча маалымат алуу максатында гана жолуккан:
-Орус элчилигинин “Украинанын элчиси чыр чыгарып жатат, журналисттерди азгырып жатат”, деп айтып жатканына таң калам. Ал туура эмес. Ансыз деле орус маалымат каражаттары аркылуу бир тараптуу маалымат таралып жатпайбы.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жаралган жагдайды түшүнүү менен кабыл алуу зарыл экенин айтууда. Дипломаттын пикиринде, эки өлкө элчилери өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоого аракет кылып жатат. Мындан улам кыргыз ММКлары бейтарап позицияны кармашы керектигин баса белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









