Жалал-Абад шаарынын телекеректөөчүлөрү 90 пайыз санариптик телеберүүлөрдөн пайдаланып жатышат
Жалал-Абад шаарынын телекеректөөчүлөрү бүгүнкү күндө 90 пайыз санариптик телеберүүлөрдөн пайдаланып жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясында өткөн санариптик телеберүү маселеси боюнча өткөн жыйында маалым болду.
Быйылкы жылдын 15-майында аналогдук телеберүүлөр өчүрүлө тургандыгы дембе-дем маалымдалып жатат. Ал эми буга карата жер-жерлердеги даярдык абалы жергиликтүү бийликтердин көзөмөлүндө болуп, түшүндүрүү, жайылтуу иштери жүрүүдө. Санариптик телеберүүнү элге түшүндүрүү боюнча аракет тобунун мүчөсү Сардар Алымкуловдун айтымында, учурда Жалал-Абад областынын бардык район-шаарларында санариптик телеберүү боюнча түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүп жатат. Ал эми бул жагынан Жалал-Абад шаарында абал кыйла жакшы.
- Санарипке өтүүнүн негизги максаты - Кыргызстанда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле сапаттуу берүүлөр аркылуу калктын маалымат алууга муктаждыгын камсыз кылуу. Жалал-Абад областы азыркы күндө санариптик сигнал менен толук камсыз болгон, ал эми Жалал-Абад шаарынын элинин 90 пайызы санариптик технологиядан пайдаланышууда, - дейт ал.
Жыйындын жүрүшүндө шаардын коомчулугунун өкүлдөрү өздөрү кызыккан суроолорго канааттандырарлык жоопторду алышты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18