Жалал-Абадда ар улуттун өкүлдөрү өз каада-салттарын көрсөтүштү (ФОТО)
Кечээ, 9-февралда Жалал-Абад шаарында өткөн "Кыргызстанда элдин биримдигин чыңдоодо жаштардын ролу" конференциясынын экинчи бөлүгүндө Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан ар улуттун ыр, бий, каада-салттары көрсөтүлдү.
Аталган конференцияны КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты, Кыргызстан элинин Ассамблеясы менен биргеликте уюштурушкан.
Конференциянын расмий бөлүгүнөн кийин, кыргыз, өзбек, түрк, орус, татар улуттарынын өкүлдөрү өздөрүнүн каада-салттарын көрсөтүшүп, ыр-бийлерин аткарышты. Анда катышып отургандарды кыргыз элинин бешик тоюу, өзбек элинин кыз узатуу каадасы, түрк улутунун кызды күйөөгө узатуудагы кынаа коюу каадасы кызыгууларын арттырды.
Ошондой эле кыргыз, өзбек, татар, орус элдеринин ырлары жаңырды. Ал эми конференциянын эң жаш катышуучулары Айшахан менен Адинахан кыргыз тилинде Манас айтып катышуучуларды таң калтырды.
Маданий бөлүктүн катышуучуларын КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Жумагүл Эгамбердиева акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйлады.
Конференциянын ишине КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн, облустук казыяттын, этностук коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери катышты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29