Президент Атамбаев Брюсселге расмий сапар менен барат
16-февралда президент Алмазбек Атамбаев Брюсселге расмий сапар менен барып, Европа Биримдигинин курамындагы башкы уюмдардын жетекчилери менен жолугат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү, элчи Чезаре Де Монтис билдирди.
Элчинин белгилешинче, бул кыргыз президентинин соңку 3,5 жыл аралыгында Бельгия борборуна үчүнчү сапары болот. "Буга чейинки 2013 жана 2015-жылдардагы сапарлардын жыйынтыгы эки тараптуу кызматташтык үчүн өтө маанилүү болгон" - деди ЕБ өкүлү.
Бул сапар маалында кызматташтык боюнча жаңы макулдашуу талкууланат. Буга чейинки документ 20 жыл мурда кабыл алынган.
Жаңы макулдашуу, Чезаре Де Монтистин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстан да, Евробиримдик да, жалпы дүйнө дуушар болгон өзгөрүүлөргө шайкеш келчүдөй мааниде түзүлөт.
"Алмазбек Атамбаев - ачык кызматташуунун мыкты үлгүсү. Президент - Евробиримдиктин досу, Евробиримдик президенттин досу" дейт элчи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









