KELECHEK
rek

Жалал-Абадда “Кыргызстанда элдин биримдигин чыңдоодо жаштардын ролу” аттуу конференция өттү (ФОТО)

Жалал-Абадда “Кыргызстанда элдин биримдигин чыңдоодо жаштардын ролу” аттуу конференция өттү (ФОТО)

Кечээ, 9-февраль күнү Жалал-Абад шаарында “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында “Кыргызстанда элдин биримдигин чыңдоодо жаштардын ролу” аттуу конференция болуп өттү.

Аталган конференцияны КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты, Кыргызстан элинин Ассамблеясы менен биргеликте уюштурушту.

Ал эми конференциянын ишине КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Жумагүл Эгамбердиева, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Нургазы Наармырзаев, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү, облустун казысы Абдуллазиз Закиров, Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери, этностук коомдук бирикмелердин өкүлдөрү  катышты.

Форумдун максаты жөнүндө КР КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бахтияр Салиев токтолуп кетти.

- КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык, 2017-жылы Ыйман, адеп жана маданият жылы белгиленип жатат. Президентибиз ал Жарлыкта “Дүйнөлүк өнүгүү багыттары жана жаңы технологиялар КР оң өзгөрүүлөр, мүмкүнчүлүктөр менен катар эле жаңы сыноолорду пайда кылды. Бул шартта өлкөнүн стратегиялык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мамлекеттин жана коомдун бардык күч-аракетин адамга, анын адеп-ыйманына жана руханий дүйнөсүнө багыттоо зарыл”, - деп баса белгиледи.

Ыйман, адеп жана маданият жылын мамлекеттик деңгээлде өткөрүү максатында КР Премьер-министри С.Жээнбеков төрагалык кылган уюштуруу комитети түзүлгөн жана комитет тарабынан иш-чаралар планы иштелип чыккан.

Агенттик бүгүн, Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Экономика жана ишкердик университетинин жетекчилеринин, студенттеринин, Кыргызстан элдер Ассамблеясынын Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн курамына кирген коомдук бирикмелеринин, этностук коомчулуктун, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, диний уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстанда элдин биримдигин чыңдоодо жаштардын ролу” аттуу конференцияны өткөрүп жатат, - деди Б.Салиев.

Ошондой эле, Б.Салиев КР Президентинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги Жарлыгы менен КР элинин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы кабыл алынгандыгын, бул Концепция мамлекеттин келечектеги Жаңы улут саясатынын негизин түзүп калгандыгына токтолду.

“Кыргызстанда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын негизги багыты бул – Кыргызстанда элдин жана этностордун аң-сезиминде жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу, этномаданий өнүгүүнү камсыз кылуу менен ар бир инсандын өзүн “Кыргыз жараны” экендигин аңдап-түшүнүүсү, жарандык атуулдукту калыптандыруу болуп саналат. Өлкөдө көп этностор, этногенетикалык жактан келип чыгышынын, тилинин, дининин, салт-санаасынын айырмачылыктарына карабастан бир мамлекетте бирге жашап жатышат”, - дейт КР КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Б.Салиев.

Ал эми Агенттиктин директору Жумагүл Эгамбердиева конференцияда сөз сүйлөп, жаштарды ыймандуу, адептүү болууга,  көп улуттуу элибизди ынтмактуулукка чакырып кетти.

- Улуттар аралык мамиле проблемасы оор жана көп кырдуу болуп, дайыма актуалдуу болгон жана боло бермекчи. Жаштар – биздин коомубуздун негизги социалдык тобунун бири. Жаштар акырындык менен улуулардын арасына эле кошулбастан, өздөрү да өлкөбүздө болуп жаткан коомдук жараяндарга активдүү катышып жатышат. Жаштар чөйрөсүндө кандай кызыкчылыктар, көз караштар жана баалуулуктар артыкчылк болуп жатса, коомдун жана жалпы эле мамлекеттин мындан аркы өнүгүүсү ошого караштуу болот.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жаштар жалпы элдин санынын 30 пайызын түзөт. Ал эми жогорку, орто жана баштапкы кесиптик окуу жайларында 220 миңден ашуун жаштар окуп, билим алып жүрүшөт.

Кыргызстабыздын келечеги, ата мурасын улантуучулар болгон жаштарыбыздын ыймандуу болушу – бул Кыргызстандын эртенки келечегине болгон бекем ишеничи. Өлкөбуздүн татыктуу атуулу болушу үчүн жашатарыбызда ыймандуулук менен адептүүлүк бирге болушу абзел, - деди Ж.Эгамбердиева.

Ошондой эле, бул конфренцияда Жалал-Абад облусунун казысы Абдуллазиз Закиров сөз сүйлөп, ыймандуулуктун 70тен ашуун булагы бар экенин айтып өттү. Жаштарды кайдыгер болбоого чакыруу менен шаардын таза болушуна салым кошуу да ыймандуулукка кире тургандыгын айтты.

“Бири-бирибизге аяр, сылык мамиле менен ынтымактуу бир эл, мекендештер катары жаркын келечегибизди жакындатсак болот. Бүгүнкү күндө жарандарыбызда, өзгөчө жаштарыбызда, ыймандуулукту, адеп-ахлактуулукту, маданияттулукту, таалим-тарбияны жогорулатуу иш-аракеттери мамлекеттик колдоосуз мүмкүн эмес”, - дейт Экономика жана ишкердик университетинин ректору Абдилбает Мамасыдыков.

Мындан сырткары, бул конференцияда жаштар жана этностук коомдук бирикмелердин өкулдөрү сөзгө чыгышып, “Ыйман, адеп жана маданият жылы” өз убагында кабыл алынгандыгын баса белгилеп өтүштү. Конференциянын соңуда катышуучулар Жалал-Абад облусунун көп этностуу элине кайрылуу кабыл алышты.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13