KELECHEK
rek

А.Мамасыдыков: “Жүрүм-турум жана укуктук маданияттын, өз ара урмат-сыйдын өрнөктөрүн жайылтуу зарыл”

А.Мамасыдыков: “Жүрүм-турум жана укуктук маданияттын, өз ара урмат-сыйдын өрнөктөрүн жайылтуу зарыл”

Бүгүн, 9-февраль күнү Жалал-Абад шаарында “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында “Кыргызстанда элдин биримдигин чыңдоодо жаштардын ролу” аттуу конференция болуп, анда Экономика жана ишкердик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору,  профессор Абдилбает Мамасыдыков баяндама жасады. Төмөндө ошол баяндаманы толугу менен окурмандарга сунуш кылабыз.

Коомчулукка белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Президентибиздин аталган Жарлыгынын негизинде Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүп, иш-чаралар планын иштеп чыкты. Иш-чаралар планын иштеп чыгууда негизги багыттар катары төмөнкүлөр каралган:

- Кыргызстан элинин руханий жана адеп-ыйман баалуулуктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган жаранды өстүрүүдө мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттерин координациялоо;

- Ар бир баланын таланты менен шык-жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандыруу;

- Жүрүм-турум жана укуктук маданияттын, өз ара урмат-сыйдын, көмөктөшүүнүн жана жарандык тилектештиктин өрнөктөрүн жайылтуу.

Ошондой эле, жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” идеяларын жайылтууну жана иш-чараларын натыйжалуу чагылдырууну камсыз кылуу сунушталган.

Президентибиз Алмазбек Атамбаев бул Жарлыктагы сөздөрү менен өлкөбүздүн башкы байлыгы – анын жарандары деп, жарандарыбызда улуттук адеп-ыймандык асыл-нарктарыбызды, заман талаптарына ылайык дүйнө  таанымын сиңирген инсандык касиеттерди калыптандыруунун зарылчылыгын жана маанисин баса белгилеп кетти. Ал эми жарандарыбыздын негизги бөлүгүн 25 жашка чейинкилер түзөт. Жаштар – келечек ээлери, ошондуктан жогоруда айтылган иш-чаралар, ошолорго багыт алуусу – негизги милдет. Бул милдетке ылайык мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн улуу муундар жаштардын, жаш жарандардын адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, жаңыча ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу, өз элинин байыркы тарыхын, түптүү маданиятын билген  болуп тарбиялануусуна кам көрүүсү зарыл.

Мамлекет, эл болгонубузга ылайык Президентибиз, Өкмөтүбүз, тийиштүү мамлекеттик түзүлүштөр, коомчулук керектүү таалим-тарбия тутумун түзүп, дүйнө жана заман чакырыктарына жараша белгилүү иш-чараларды жүзөгө ашыруусу абзел. Бул милдеттерди аткаруу үчүн  жогоруда айтылган Жарлык зор демилге болууда.

Президентибиздин Жарлыгына ылайык милдеттерибизди бир сөз менен айтсак, ал: Таалим-тарбия – өлкөбүздүн ийгиликтүү өнүгүүсүнүн кепилдиги! Бул Жарлык балдарыбызга жана жаштарыбызга багыт алышы зарыл.

Албетте, биз бир эле жылда бул багыттагы бардык көйгөйлөрүбүздү чечүүгө үлгүрө албайбыз. Бирок, ушул аталыштагы жылдын ырааттуу иш-чаралары менен биз көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө оң шарттарды түзмөкчүбүз. Ал үчүн болгон күчтөрүбүздү мобилизациялап, алардын башын бириктирип, татыктуу жарандарыбызды  тарбиялоого жумшайбыз.

Иш-чаралар планын иштеп чыгууда, албетте мамлекеттик түзүлүштөр жарандык коомчулуктун ой-тилектерин, сунуштарын эске алышы керек. Бизге белгилүү болгондой, учурда өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо үчүн жаңы стратегия иштелип жатат. Ошого ылайык ыйман, адеп жана маданияттуулукту тарбиялоонун олуттуу маселелери иш-чаралар планынын чордонун түзүүсү зарыл.

2017-жыл - Ыйман, адеп жана маданият жылы - деп аталып, бул аталышта “маданият” сөзү 2016-жыл – Тарых жана маданият жылындагыдай дагы бир ирет эске алынып, эмнеге кайталанууда? Анткени, маданият ар дайым ар бир үлгүлүү өлкөнүн ырааттуу жана ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн шарт түзүп келген, тактап айтсак, ал өлкөлөрдүн жарандарынын маданиятынын жогорку деңгээлде, улуттук жана дүйнө маданиятынын асыл үлгүлөрүндө болушунан көз каранды тартипте. Маданият деген сөздүн мааниси терең, биздин учурда укуктук маданият да камтылып кетет. Биздин элибизде ар дайым ыйман, адеп жана маданияттуулук асыл сапаттардан болуп келген. Биздин элибиз ар дайым билимдүүгө дүйнө жарык экендигин эсине туткан. Болгону, соңку мезгилдердеги дүйнөлүк экономикалык, саясий, маданий жараяндар, таасирлер өзгөрүлүп, өзгөрүүлөр ыкчамдашып, бир катар коркунучтар туулуп, алардын багыты оң же терс экенин түшүнүү дайыма эле ачык-айрым боло бербей калды. Укуктук маданият маселелери да коомубуздун кайсы бир бөлүгүндө унутта калып, коомубуздун ынтымагына шек келтирет. Биз бул багытта заман талаптарына, улуттук баалуулуктарыбызга, кызыкчылыктарыбызга ылайык белгилүү позицияга турганга убакыт келди.

Ыйман, адеп, маданиятттулук аркылуу, таалим-тарбиянын тийиштүү базасында кабыл алуу, мамиле кылуу менен көп нерселерди так айырмаласак болот: акты жана караны, оңду жана терсти, пайдалуу, келечектүү нерселерди жана зыяндуу нерселерди. Акыл-эс үнүн угуп, саясий жана экономикалык-социалдык көйгөйлөрүбүздү сабырдуу түрдө жана ынтымакта чечсек болот. Бири-бирибизге аяр, сылык мамиле менен ынтымактуу бир эл, мекендештер катары жаркын келечегибизди жакындатсак болот.

Бүгүнкү күндө жарандарыбызда, өзгөчө жаштарыбызда, ыймандуулукту, адеп-ахлактуулукту, маданияттулукту, таалим-тарбияны жогорулатуу иш-аракетери мамлекеттик колдоосуз мүмкүн эмес. Ушул себептен айтылып жаткан Жарлык – өз мезгинде чыккан жана абдан керектүү документ.

Жарлыкка ылайык иштелип чыгуучу иш-чаралар планында негизги жана артыкчылыктуу чара катары мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун биргелешкен аракети менен Кыргызстан элинин руханий жана адеп-ыйман баалуулуктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган жаранды өстүрүү болуш керек экендигин дагы бир ирет баса белгилеп кетели.

Бала-бакчада болобу, мектептеби, жогорку жана орто кесиптик окуу жайда же кайсы-бир башка маданий, билим берүү мекемесинде болобу, бул Жарлык менен аларда керектүү деңгээлде ыймандуулукту, адептүүлүктү жана маданияттуулукту тарбиялоодо, сапаттуу билим берүүдө мамлекеттик түзүлүштөрдүн иштиктүү колдоосу сөзсүз түрдө жүргүзүлүшү керек: мыйзамдык, материалдык-техникалык ж.б. Ошондо натыйжа чыгат. Билим жана маданият мекемелеринин, аларда эмгектенген кызматкерлердин аброю, моралдык деми мамлекет жана коом тарабынан реалдуу колдоого алынышы керек.

25 жылдан бери бул багытта көптөгөн көйгөйлөр жалгыз билим жана маданият тармагынын, ата-энелердин, балдардын көйгөйү болуп, көптөгөн маселелер унутта калып, жарандарыбыздын, өзгөчө жаштарыбыздын, ыйманы, адеби, маданияттуулугу, таалим-тарбиясы башка сапаттарга орун алдыра баштады. Материалдык нерселер руханий дүйнөбүздү тарыта баштады. Коомубуздун чыныгы жаркын келечекке бет алып өнүгүүсү үчүн айтылган сапаттар биринчи орунда болушуна убакыт келди. Бүгүнкү күндө жаштарыбыздын таалим-тарбиясына, жүрүм-турум маданиятына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Адам – коомдо тарбияланып, коом менен адамдык касиеттерге ээ болот. Ыйман, адеп жана маданият – ажырагыс түшүнүктөр.

Жогорудагы максатка ылайык иш-чараларыбызды иштеп чыгууда соңку жылдардагы мүчүлүштүктөрдү эске алуу менен, билим жана маданият тармагына, даректүү түрдө уюм-мекемелерине арка салбай, жүзүбүз менен бурулуп, материалдык ресурстарыбызды чукул жана узак мөөнөтттүү түрдө атайын эске алуу менен жумшап, көптөгөн оң чечкиндүү иш-аракеттер үчүн мекемелерге да, жарандарга да, коомдук демилгелерге да мыйзамдык, моралдык  шарт түзөлү. Анын ичинде, бул багытта ишкердик структураларынын сунуштары, аракеттери да өз пайдасын бере турганын эске алалы. Ыйман, адеп жана маданият багытында диний структуралардын ишмердиги өзгөчө эске алынышы керек. Анткени бул чөйрөдө да потенциал зор. Диний потенциалды салттуу улуттук баалуулуктарыбыздын призмасы аркылуу карап пайдаланбасак, дүйнөнүн канча бурчтарында динге жабынган терс күчтөр, окуялар биздин өлкөбүздө да эртең эмес, бүгүн пайда болгудай. Дин чөйрөсүндөгү кадрларды, диний интеллигенцияны да тарбиялоону колго алып, алар аркылуу да жаштарыбызга ыйман, адеп деген түшүнүктөрдү сиңдирип, тийиштүү тарбиялоо иштерин жүргүзүү керек.

2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланышы жапырт колдоого алынып, Президент жана эл күткөн жемишин берсин. Жогорку деңгээлдеги таалим-тарбия аркылуу мамлекетибиз гүлдөп өнүксүн!

Экономика жана ишкердик университетинин ректору, Экономика илимдеринин доктору,  профессор,  Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Абдилбает Мамасыдыков.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29