KELECHEK
rek

Донецкте "Гиви" каймана аты менен белгилүү жикчилдердин командири өлтүрүлдү

Донецкте

Өзүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган аймакта “Гиви” каймана аты менен белгилүү жикчилдердин талаа командири Михаил Толстых мерт болду. Бул тууралуу "Интерфакс" билдирди. Маалыматта ал теракттын кесепетинен өлгөнү айтылат.

Донецктин мурдагы “коргоо министри” Игорь Стрелков (Гиркин) "ВКонтакте" социалдык түйүнүндө Толстых иш бөлмөсүндөгү жардыруудан жан бергенин жазды. Буга чейин “Гиви” Авдеевкадагы атышуулар мезгилинде жаракат алганы кабарланган болчу.

Михаил Толстых жана анын "Сомали" батальону 2014-жылы Донецктеги Иловайск аэропортунда орусиялык жикчилдер менен украин аскерлеринин салгылашуусунда белгилүү болгон.

Соңку айларда жикчилдер лидерлерин жоготуп жатканы бир нече жолу айтылган. 4-февралда Лугансктагы жардыруу маалында өзүн “Луганск элдик республикасы” деп жарыялап алган аймактын “элдик милициясынын” жогорку даражадагы ишмери Олег Анащенко мерт болгон. Январдын аягында Москвада “Луганск элдик республикасынын” башчысы Валерий Болотов көз жумган. 2016-жылы октябрда “Донецк элдик республикасынын” талаа командири, “Моторола” ысымы менен белгилүү Арсен Павлов өлтүрүлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...