Путин «Түрк агымынын» курулушу тууралуу макулдашууну ратификациялады
Орусия президенти Владимир Путин «Түрк агымы» газ куурун куруу боюнча макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу 7-февралда Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиришти.
Орусия менен Түркия ортосунда кеминде 30 жылга түзүлгөн келишимде 1100 чакырымга созулган газ куурун куруу каралган. Ал аркылуу Орусиядан Түркияга, андан ары Түштүк Европага газ жеткирүү планы бар.
Европа биримдигинин Греция, Венгрия жана Словакия өңдүү айрым мүчөлөрү долбоорго кошулууга кызыктар экенин билдиришкен.
Орусия менен Түркия акыркы айларда ортодогу экономикалык байланыштарды мурдагы калыбына келтире баштады. Эки өлкөнүн алакасы Сириядагы согушка байланыштуу кескин начарлап кеткен. Анда Москва менен Анкара бири-бирине каршы согушуп жаткан эки башка тарапты колдоп келишет. Өлкөлөр экономикалык байланыштарды жолго салуудан тышкары акыркы кездери Сириядагы «Ислам мамлекети» тобуна каршы күрөшүүдө да кызматташып, ок атуу режимин орнотууга багытталган сүйлөшүүлөрдү демилгелешүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38