KELECHEK
rek

Жалал-Абадда дин уюмдарынын иши талкууланды

Жалал-Абадда дин уюмдарынын иши талкууланды

Жалал-Абад облусунда дин уюмдарынын коомдун жакшырышына карата жүргүзүп жаткан иштери мурдагы жылдарга караганда кыйла активдүү болуп калды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясында өткөн дин уюмдарынын иштерин талкуулаган жыйында маалым болду.

Жыйынга шаар жетекчилери, облустык мусулмандар башкармасынын (казияттын), Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын, массалык маалымат каражаттарынын, коомчулуктун өкүлдөрү, мечиттердин имамдары катышып, дин иштеринин азыркы абалы тууралуу талкуу жүрдү.

Жыйындын жүрүшүндө облус аймагында 632 мечит болсо, анын 576сы каттоодон өткөнү, ал эми 2014-жылы каттоодон өткөн мечиттер саны 498, 2015-жылы 547 болгону маалымдалды. Ошондой эле 2014-жылы 65 имам, 2015-жылы 123 имам, 2016-жылы 597 имам билимин жогорулатканы айтылды. Дин уюмдары коомчулук арасында кайрымдуулук иштерин жакшы жүргүзүп жатканы белгиленип, коомчулук жана пресса менен байланышуу ишинде Майлуу-Суу шаарынын имамдары жакшы иштеп жатышканы баса көрсөтүлдү.

Облустун казияты быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылында коомдо тарбиялык иштерди күчөтүү максатында конкреттүү иш-чаралар түзүп, аны ишке ашыруу максат кылынганын жарыялады. Бул багытта коомчулук жана ММКлар менен кеңири байланышуу, тарбиялык маанидеги видео-роликтерди, телеберүүлөрдү даярдоо жана тартуулоо, конкурстарды уюштуруу жагы көздө тутулмакчы.

Жыйындын жүршүндө коомдук тарбиялоодогу, диний экстремизм жана террорчулукка каршы күрөшүү ишинде активдүүлүктү көрсөткөнү үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардагы төрт мечиттин имамдарына Ардак грамоталарды тапшырды.  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18