KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында интернеттеги терс көрүнүштөгү оюндар боюнча тынымсыз ата-энелердин чогулушу өтүп жатат

Жалал-Абад шаарында интернеттеги терс көрүнүштөгү оюндар боюнча тынымсыз ата-энелердин чогулушу өтүп жатат

Интернет айдыңындагы айрым терс таасир этүүчү оюндардан балдарды сактоо, аларды оолактатуу иш-чараларына Жалал-Абад шаарындагы ата-энелер активдүү киришишти. Алар мектептерден өткөрүлгөн ата-энелер жана педагогикалык жамааттардын чогулуштарында чогуу аракеттенүү боюнча иш-чараларды түзүшүүдө. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева билдирди.

Анын айтымында, мындай жакшы жөрөлгө шаарда жайгашкан №5 Бекмамат Осмонов атындагы гимназия мектебинде башталды. Интернет айдыңындагы терс көрүнүштөгү оюндар боюнча тынымсыз ата-энелердин чогулушу өткөрүлүп, шаарда балдардын коопсуздугу үчүн ата-энелер менен педагогдор чогуу аракеттенмек болушту.

Мектептин директору Кульнара Мамытованын айтымында, мындай чогуу аракеттер сөзсүз жемишин берет.

- Албетте бул балдардын келечегин ойлоо менен бирге, аларды жакшы жашоого үндөп, андай терс оюндарга эмес, билимге умтулуусун түшүндүрүү жалпыбыздын ишибиз. Ошондой эле шаардык мэрия, шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ички иштер бөлүмүнүн  жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы менен биргеликте тыгыз байланышта иштеп жатабыз. Ата-энелер менен чогуу аракеттенүү боюнча ачык-айкын иш-чараларды түздүк, - дейт ал.

Чогулушка катышкан шаар жетекчилери окуучулардын ата-энелерине балдары үчүн байланыш үчүн интернетсиз жөнөкөй гана уюлдук кол телефон алып берүүсүн, үйдө да көзөмөлгө алуусун сунушташты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын бардык мектептеринде, атайын жана жогорку окуу жайларында өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30