KELECHEK
rek

Ташкентте "Манас" рестораны өрттөнүп кетти

Ташкентте

Өзбек ММКларынын кабарлашынча, 7-февралда Ташкент шаарында “Манас” рестораны өрттөнүп кетти. Кырсык болгон жерге жети өрт өчүрүүчү автоунаа барды. Күбөлөр жарылуунун үнүн укканын кабарлашты. Бирок Ташкеттин өрт коопсуздугу башкармалыгы бул маалыматты тастыктаган жок.

“Манас” ресторанында болгон өрттө жабыркагандар жок. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Бул арада Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Ташкенттеги "Манас" ресторанынын кыргыз жаранына тиешеси барбы же жокпу, териштирип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди:

- 7-февралда Ташкенттеги "Манас" ресторанында жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен 10:30да өрт чыкканын биздин элчилик кабарлады. Саат 11:30дарда өрт өчүрүлгөнү да кошо кабарланды. Элчиликтин маалыматына караганда, өрттүн кесепетинен эч ким жабыркаган жок.

Ресторандын интернеттеги расмий сайтында "Манас" арт-ресторанынын коноктору байыркы Кыргызстанга саякатка чөмүлөт, кыргыз ашканасынан, бешбармактан даам тата алат" деп жазылып турат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...