KELECHEK
rek

Активисттер "Келин" реалити-шоусуна каршы болушууда

Активисттер

КТРК эфиринен берилип жаткан “Келин” долбоору коомчулукта ача пикирди жаратты.

Уюштуруучулар берүү аркылуу үй-бүлөдөгү келин менен кайнене ортосундагы мамиле иликтенип, жоголуп бараткан кыргыздын салттарын жандандыруу аракети жасаларын айтышууда. Ошол эле учурда гендер жаатындагы эксперттер бул программа, тескерисинче, кыздардын укугун тебелеп, үй-бүлөдөгү тең укукту басмырлап жатканын белгилеп жатышат.

КТРК эфиринен реалити шоунун 26 кыз катышкан биринчи гана чыгарылышы көрсөтүлдү.Ал тандоо бөлүгү болуп, «кайнененин» чечими менен 10 катышуучу кийинки турга тандалды. Долбоордун директору Хадича Харсанованын айтымында, “Келин” программасы турмушка чыга элек кыздар арасында үй-бүлөлүк баалуулук тууралуу түшүнүктү кеңейтип, турмуш курууга багыттайт.

Айрымдар “Келин” долбоору ансыз деле үйдөгү тиричиликтен алыстап бараткан кыздар үчүн тарбиялык мааниси бар десе, КТРКдан көрсөтүлүп жаткан реалити шоу кыздардын укугун тебелеп жатат дегендер да жок эмес. «Бул программада элеттик көрүүчүлөргө басым жасалыптыр. Ал жакта ансыз деле келиндердин статусу өтө төмөн. Ал кызмат кылат, идиш жууйт, бала төрөйт. Ага кулдай эле мамиле жасашат. Бул долбоорду көргөн келиндер чындап эле жашоодо баш көтөрбөш керек экен деген түшүнүктө кала беришет», - деп эсептейт жарандык активист Умай Арыкова

Кыргызстандагы феминисттер кыймылы теледолбоорду КТРКнын эфиринен алып салуу талабы менен Жогорку Кеңешке чейин кайрылуу жасоого камданууда. Анткен менен Коомдук телерадио азырынча программаны эфирден токтотууга шашылбай турат. Корпорациянын башкы директору Илим Карыпбековдун айтымында, коомчулук “Келин” долбоорун эки өңүттө талкуулап жаткандыктан, чукул убакытта редакциялык кеңешме өткөрүп, анын чечими менен долбоордун мындан кийинки келечеги аныкталат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13