
Ташкентте 2018-жылы Муз ордосу ачылат

2018-жылы Ташкентте көп багыттуу Муз ордосу ачылат. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 3-февралда комплекстеги курулуш иштери менен таанышып келгендигин жергиликтүү ММКлар жазышты.
Президенттин демилгеси менен курулуп жаткан комплекс өз ичине заманбап архитектуралык чечимдерди, алдыңкы технологияларды жана улуттук курулуш ыкмаларын камтыйт. Муз ордосунун имараты бакыт менен эркиндиктин символу болгон Улар кушунун формасында курулат.
Жалпы аянты 74 миң чарчы метрди түзгөн төрт кабаттуу имарат машыгуу залынан жана муз аянтчасынан турат. Отургучтардын ордун алмаштыруу мүмкүндүгү бар залга спорттук иш-чараларды өткөрүү маалында 14 миң киши, концерттерди уюштурганда 10 миң көрүүчү батат. Ошондой эле негизги корпусунда 300 орундук машыгуу аянтчасын даярдоо каралууда.
Чоң муз аянтчасында хоккей беттештери, шорт-трек, муз үстүндө көркөм бийлөө жана керлинг боюнча мелдештер өткөрүлөт. Андан сырткары залды баскетбол, волейбол, гандбол, футзал, бокс, таэквондо жана башка спорт түрлөрү боюнча оюндарды уюштурууга ылайыкташтыруу каралган. Түрдүү концерттерди, көргөзмөлөрдү жана форумдарды өткөрүүгө да болот.
Жалпы концепцияга ылайык, комплекстин аймагында спорттук музей, үстү жабылган балдар аянтчасы, машыгуу залы, фитнес-борбор, заманбап тамактануу жайлары, спорттук шаймандарды саткан дүкөндөр жана башка объектилер жайгашат. Андан сырткары комплекстин жанына төрт кабаттуу унаа токтотуу жайын куруу пландалган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20